Кытайда коронавирусту жуктурган дарыгерлердин саны 1700гө жетти
Дүйнө жүзүндө  |   |  691

Кытайдын ооруканаларында бейтаптарга жардам көрсөтүп жүргөн 1,7 миңден ашык дарыгер коронавирус жуктурган. Алардын ичинен алтоо каза болгонун «ТАСС» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 11-февралга карата дарыгерлер ооруп калган 1716 учур катталып, каза болгондор дагы бар. Ошондой эле Цзэн Исинь вирус жуктурган дарыгерлердин саны күндөн-күнгө өсүп жатканын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус 63,8 миң адамда катталды. Көз жумгандардын саны — 1380 адам, айыккандар — 6,7 адам.

Эске сала кетсек, коронавирустан каза болгондордун саны Кытайда дээрлик 1 500 гө жетсе, оорунун жуктургандардын саны дээрлик 64 000ди түздү.  

Ал эми  COVID-19дан  (коронавирустан)  айыккандар 6982ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями