Кытай президентинин аты  "сасык тешик" деген түшүндүрмөнү береби?
Дүйнө жүзүндө  |   |  610

Кытай Эл Республикасынын  башкы төрагасы Си Цзиньпинден Фейсбук компаниясы кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Фейсбук компаниясы башкы төраганын атын англис тилине которгондо мазактоо иретиндеги сөз келип чыккан.

Кытайдын  президенти  Мьянмага расмий иш сапары менен барып, бир катар келишимдерге кол койгон. Иш сапардын экинчи күнүндө Си Цзиньпиндин ысымы ката экени аныкталган. Тагыраак айтканда, Мянманын тышкы иштер министри, мамлекеттик кеңешчи Аун Сан Су Чжи Фейсбуктагы расмий баракчасына билдирүү калтырган. Анда Кытайдын башкы төрагасынын   аты "сасык тешик" (Mr. Shithole) деп которулуп калган.

Ал эми,  Фейсбук компаниясы туура эмес котормосу үчүн Си Цзиньпинден  кечирим сураган. Анда "Биз котормодогу маселелерди жойдук. Мындай ката кайталанбашы үчүн себептерди аныктап жатабыз. Болуп өткөн окуя үчүн чын дилибизден кечирим сурайбыз!" - деп жазылат компаниянын расмий билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями