Кышкы чилде кар менен аяктады, эсепчилер жаңылбаса, быйыл жыл берекелүү, түшүмдүү болот
Аналитикасы  |   |  13756

Кышкы чилде кар менен чыкты, бүгүндөн баштап кыргыз эсепчилеринин айтымында “апкыт-сапкыт алты күн, кемпир ыйлаак жети күн” деген, кышкы чилде чыккан соң, жазга өтүү мезгили башталат. Азыркы заманда ар кандай өзөктүү куралдарды колдонгондон улам, атмосфералык аба мейкиндигинде озон тешиктери пайда болуп, аба-ырайынын ырайымсыздык менен өзгөрүлүп баратышы, жер шарында температуранын көтөрүлүп баратышы менен коркунучка алып бара жатат. Мурунку заманда кышкы чилде чыккан соң “кемпир ыйлаак” деген зуулдаган катуу шамал болор эле, температура жылыган сайын “кемпир ыйлаак” деген шамал жоголду. Кышкы суукта жылуу кийимчен үшүп, тоңуп, калтырап жүргөн убак калды, кыш чилдеси аяктап, жазга өтүп баратканда кыш акыркы күчү менен ызгаар жибере турган, азыр кыштын чилде күнү жылуу кийимдерди чечип, костюм, жемпирчен жүрүп калдык. Эгер бул жылуулук ушул темп кете берсе, жер шарындагы калкка оор кырдаалдарды алып келиши ыктымаал. Анткени, Кытай, Индия, Европада миллион эмес, миллиарддаган калк мухит жээктеринде жашап жатышат. Кокус күн жылыса Антарктида жана башка муздуу чөлкөмдөрдө карлар ээрип мухиттерде суунун деңгээли көтөрүлүп, океан жээктериндеги шаарлар суу алдында калышы мүмкүн, миллиардаган калк каякка барат? Канчалаган элди баккан жерлер жер суу алдында калышы мүмкүн?

Катуу темп менен бараткан жылуулукка каршы азыр экологдор катуу турушат. Мындан бир кылым мурун, андан берки мезгилдерде эле синоптиктер жок эле кыргыз эсепчилери аба-ырайынын кандай болорун эсептеп коюшчу экен. Мурун чилде убагында укмуш суук болоор эле, түкүргөн түкүрүк жерге тийбей тоңуп калчу дешет. Кыргыз эсепчилеринин айткандарына абай салып көрөлү.

 

Кыргыз эсепчилеринин кышкы ай календары

Эсенбай эсепчинин эсептөөсү боюнча Токсон 29- ноябрдан башталып, 11- декабрга чейин түшөт. Бул мезгилде кар жаап катуу ызгаар суук жүрөт. 22- декабрь эң кыска күн, эгер бул күн тогоолго туш келсе абдан катуу суук болот. Үркөр декабрдан баштап даана көрүнүп, апрелдин орто ченинен баштап көрүнбөй калат. Ай сөзсүз түрдө Үркөр топ жылдызына жакындап, тогошкон учурда жаңырат. Ай сайын Айдын Үркөр топ жылдызына жакындашуусу "Тогоол" деп аталат. "Тогоол" - бул кыргыз элинин көп жылдык байкоолоруна негизделген өзүнчө бир астрономиялык илими. Тогоол жыл сайын бир күнгө туура келбейт, өзгөрүп турат. Тогоол күндөр адамга гана эмес, жан-жаныбарларга да жагымсыз, ал түгүл алар үңкүрлөрүнөн чыгышпайт. Оорулуу адамдар шалдырап, эч нерсеге көңүлү чаппай калганын баамдашат. Айлардын атын "тогоол" аты менен атоо кыргыз элине гана таандык. Эң башкы эсептөө ушул тогоол кандай өттү ошого байланыштуу.

Эсенбай эсепчи тогоолдун өтүшү менен келе турган бир айдын кандай болорун алдын-ала көрө билген.
7-январдан 17-февралга чейин 40 күнгө созулган кыш чилдеси бар, бул чилдени билген кыргыздар “Эсенбайдын чилдеси” - деп лакап кылып алышкан. Орус чилдеси 25-декабрда түшүп,5-февралда чыгат. Кыргыз эсепчилеринин чилдеси же  “Эсенбайдын чилдеси”  7-январда түшөт, андан бери канча жылдар өттү, айрым жылдары 3- күндөн 7 -күнгө чейин эрте же кеч келип жылышып калган учурлары кездешет. Эсенбай эсепчи чилденин, сууктун чыгышын төрткө бөлгөн.

1. Эң биринчи чилденин дал баш чагында, “Кырк жигит” кетет деген. Бул 19- январдан 2- февралга чейин 12 күнгө созулат. Кырк жигит кетип атканда кычыраган суук болот. Муну “Жигиттер жигиттик мүнөзүн көрсөтүп атат”- деп коюшат. Кырк жигит кетип жатканда кычыраган суук болуп кар кайта- кайта жааса “ Жыл жаанчыл жакшы болот экен” – дептир жарыктык. Эгер “Кырк жигит” кетип жатканда күн жылымыктап, кар жаабай калса, Эсенбай эсепчи кайгырып : “Бул жыл оор болуп калчудай. Быйыл жаан жаабай, кургакчыл болуп, жер түшүм бербей дыйкандарга кыйынчылык болот окшойт. “Кырк жигит” кылжыңдап чыкты, арты жакшы болсо экен” –деп калчу экен.

2. Эсенбай эсепчинин айтуусу боюнча андан кийинки сууктун чыгышы 2- февралдан баштап “Кырк кыз” келет. Бул дагы он эки күнгө созулуп, “Кырк кыз” 2- февралдан 14- февралга чейин кетет. “Кырк кыз” кетип жатканда бирде жаркырап күн тийсе бирде бүркөлүп, бирде жамгыр жааса бирде карлап, кыздардын мүнөзүндөй кылык көрсөтөт. Мындай табият кубулушун Эсенбай эсепчи: “Кырк кыз кылыктанып атат. Күн жаркырап тийип, кар ээрисе жаз келип калды дебегиле. Али көп оюндары бар бул кыздардын”- деп айткан. 2012-жылы “Кырк кыз” ушинтип кылыктанып жатса “бүгүнкү күндүн эсепчилери” Арстан Алай менен Дастан Сарыгулов “Кыргыздар, жаз келди, болду эми чөбүңөрдү саткыла” –деп жатып, чөптү саттырып ийип, жаздын күнү эл катуу суукка кабылып, ушул заманда малын кырып алган.  “Кырк кыз” чыгып жатканда кар аралаш жамгыры көп жаап, бирде күн ысып кар ээрип жаз келгендей болуп жаркыраса “Быйыл жаз эрте келет окшойт. Жаз жамгырлуу болуп жер айдоого жакшы болот көрүнөт. Жазга эрте камыналы” — деген экен жарыктык.

3. Чилденин акырында 14 – февралдан баштап  дагы он эки күнгө созулган “Кемпир ыйлаак” деген кургуру бар. Муну 26 -февралга чейинки убакытты “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” – дешкен. ““Кемпир ыйлаак”  биринчи жумада, жыла басып жумшак кирип, кар аралаш жамгырлатат. Короо — сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. Анан экинчи жумасынан баштап жиндеп кирет.

 Өркөчү менен тайлак калыптыр, кокуй…

 Алалбаптырмын… алалбаптырмын...

Куйругу менен козу калыптыр, кокуй…

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Эмчеги менен кыз калыптыр, кокуй…

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Соорусу бөксөрбөй келин калыптыр, кокуй,

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Очок кучактаган чалга алым жетпептир, кокуй,

Чач уштугун көтөрө албаган кемпирге алым жетпептир, кокуй,

Кычыратып аязды түшүрө албаптырмын…

Бурганактуу борошо бороон кылбаптырмын

Кайрылып келерки жылда дагы келээрмин

Камыңарды ошондо чындап көрөөрмүн… деп буй түшүрө баштайт. Алай-дүлөй бороон боздоп ыйлап кар борошолотуп элдин эсин чыгарган шамалдар болот.  “Кемпир ыйлаак”:  “Казаныңарга эле эмес этиңерге май калтырбай алам”- деп  шерт кылып келет тура. Мунун түпкү маани - маңызы кышка камылга көрүп, жай күздө даярдан дегенде жатат. “Келерки жылда дагы келээрмин..” – деп жатпайбы.

“Кемпир ыйлаак”  борошолотуп кар жадырып, муз тоңдуруп суук кылып титиретип, үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт”- дешет. Эгер “Кемпир ыйлаак”  (20 сынан 26 – февраль ичинде) борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби. Мени кетти дебегиле 40 күндө,  ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз”- деп кекенип кетет имиш. Жанагы жазында кар жаап, үшүк жүргөндү кыргыздар: “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын”  бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”- дешет.

26- февралдан 11- мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. Ошентип 11- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями