Кыргызстанга кырк күндүк кыш чилдеси түштү
Аналитикасы | 

7-январдан 18-февралга чейин 40 күнгө созулган кыш чилдеси бар, бул чилдени илгери кыргыздар “Эсенбайдын чилдеси” - деп лакап кылып алышкан. Акыркы мезгилде аба-ырайында жылуулук байкалат. Мурун чилде убагында укмуш суук болоор эле, түкүргөн түкүрүк жерге тийбей тоңуп калчу, кулактын үшүгөнүн айтпа.Илгери андан да суук болуптур. Эсенбай эсепчи чилденин, сууктун чыгышын төрткө бөлгөн:

  1.  Эң биринчи чилденин дал баш чагында, “Кырк жигит” кетет деген. Бул 19- январдан 2- февралга чейин 12 күнгө созулат. Кырк жигит кетип атканда кычыраган суук болот. Муну “Жигиттер жигиттик мүнөзүн көрсөтүп атат”- деп коюшат. Кырк жигит кетип жатканда кычыраган суук болуп кар кайта- кайта жааса “ Жыл жаанчыл жакшы болот экен” – дептир жарыктык. Эгер “Кырк жигит” кетип жатканда күн жылымыктап, кар жаабай калса, Эсенбай эсепчи кайгырып : “Бул жыл оор болуп калчудай. Быйыл жаан жаабай, кургакчыл болуп жер түшүм бербей дыйкандарга кыйынчылык болот окшойт. “Кырк жигит” кылжыңдап чыкты, арты жакшы болсо экен” –деп калчу экен.

 

  1. Эсенбай эсепчинин айтуусу боюнча андан кийинки сууктун чыгышы 2- февралдан баштап “Кырк кыз” келет. Бул дагы он эки күнгө созулуп, “Кырк кыз” 2- февралдан 14- февралга чейин кетет. “Кырк кыз” кетип жатканда бирде жаркырап күн тийсе бирде бүркөлүп, бирде жамгыр жааса бирде карлап, кыздардын мүнөзүндөй кылык көрсөтөт. Мындай табият кубулушун Эсенбай эсепчи: “Кырк кыз кылыктанып атат. Күн жаркырап тийип, кар ээрисе жаз келип калды дебегиле. Али көп оюндары бар бул кыздардын”- деп айткан. 2012-жылы “Кырк кыз” ушинтип кылыктанып жатса “бүгүнкү күндүн эсепчилери” Арстан Алай менен Дастан Сарыгулов “Кыргыздар, жаз келди, болду эми чөбүңөрдү саткыла” –деп жатып, чөптү саттырып ийип, жаздын күнү эл катуу суукка кабылып, ушул заманда малын кырып алган.  “Кырк кыз” чыгып жатканда кар аралаш жамгыры көп жаап, бирде күн ысып кар ээрип жаз келгендей болуп жаркыраса “Быйыл жаз эрте келет окшойт. Жаз жамгырлуу болуп жер айдоого жакшы болот көрүнөт. Жазга эрте камыналы” — деген экен жарыктык.

 

  1. Чилденин акырында 14 – февралдан баштап  дагы он эки күнгө созулган “Кемпир ыйлаак” деген кургуру бар. Муну 26 -февралга чейинки убакытты “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” – дешкен. “Ыйлаак кемпир биринчи жумада, жыла басып жумшак кирип, кар аралаш жамгырлатат. Короо — сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. Анан экинчи жумасынан баштап жиндеп кирет.

Өркөчү менен тайлак калыптыр кокуй…

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Куйругу менен козу калыптыр кокуй…

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Эмчеги менен кыз калыптыр кокуй…

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Соорусу бөксөрбөй келин калыптыр кокуй

Алалбаптырмын… алалбаптырмын…

Очок кучактаган чалга алым жетпептир кокуй

Чач уштугун көтөрө албаган кемпирге алым жетпептир кокуй

Кычыратып аязды түшүрө албаптырмын…

Барганактуу борошо бороон кылбаптырмын

Кайрылып келерки жылда дагы келээрмин

Камыңарды ошондо чындап көрөөрмүн… деп боздоп ыйлап кар борошолотуп, буй түшүрүп кетет  имиш.

 “Кемпир ыйлаак”  борошолотуп кар жаадырып, муз тоңдуруп, суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт”- дешет. Эгер “Кемпир ыйлаак”  (20 сынан 26 – февраль ичинде) борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби, мени кетти дебегиле, 40 күндө  ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз”- деп кекенип кетет имиш. Жанагы жазында кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын”  бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”,- дешет .

4. 26- февралдан 11- мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. Ошентип 11- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот. Бул төртөө кетип атканда да айрым жылдарда 3 күнгө чейин ары-бери эрте же кеч болуп жылышмайы болот.   Мына ушул 12 күндөн бөлүнгөн төрт бөлүк жылдын кандай болоорун аныктап койгон. Жыл жаанчыл болобу же кургакчыл болобу. Жаз эрте келеби же кеч келеби. Жазда кайта- кайта үшүк жүрүп жер жемишке, өсүмдүктөргө зыяны тиеби же үшүк жүрбөй берекелүү жыл болобу. Эсенбай эсепчи ушул төрт бөлүктүн ар бир күнүн санап кандай сыр көрсөтүп жатат өзгөчө байкаган. Эсте сактаган. Ошондуктан ал тууралуу нечен легендалар айтылып калган.  “Кырк жигитке” жоолугуп, жүрөгү тоңуп эч кимди сүйбөй калган кыз жөнүндө, “Кырк кызга” жоолугуп жүрөгү тоңуп, кыз сүйбөй калган жигит жөнүндө да  жомок, легендалар бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями