Кыргызстандын авиакомпаниялары кайра кара тизмеде
Коом  |   |  975

Кечээ, 13-январда Еврокомиссия Европа Биримдигинин аймагынан учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесин жарыялады. Бул тизмеде КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстан жана Молдова өлкөлөрүнүн компаниялары бар.

Жалпысынан КМШ өлкөлөрүнөн 13 компанияга учууга болбой турган болду. Алардын катарында Кыргызстандын Air Kyrgyzstan авикомпаниясы бар. Молдова муну менен Европа Биримдигине уча албай турган жалгыз Европа өлкөсү болду. Ал эми жалпы дүйнө жүзү боюнча кара тизмеге 118 компания кирген. Алардын басымдуу бөлүгү Африка өлкөсүндөгү авиакомпаниялар. Критерийлер Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан жана Европа Биримдигинин коопсуздук стандарттары боюнча коюлган.  

Булак: Nazarnews.kg

Поделитесь с друзьями