Кыргызстанда жер силкинди
Расмий кабарлар  |   |  1149

Жер титирөө болгонун Бишкек менен Ош шаарынын тургундары жазууда.

 Кыргызстанда жер силкингенин социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты. Жер титирөө болгонун Бишкек менен Ош шаарынын тургундары жазууда.

Европа жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстанда жайгашкан. Ал Душанбе шаарынан түндүк-чыгышты карай 249 чакырым жана Ферганадан түштүктү карай 111 чакырымда жайгашкан.

Алдын ала маалымат боюнча жердин силкинүүнүн күчү очогунда 5,7 баллды түзгөн.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөнүн күчүн тактап жатканын билдирди.

 

Поделитесь с друзьями