Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы макулдашуу ратификацияланды
Расмий кабарлар  |   |  451

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Поделитесь с друзьями