Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” бекети качан жабылары белгилүү болду
Коом  |   |  1170

20-февралдан баштан кыргыз-казак чек арасында “Ак-Жол” транспорт жана жүктөрдү өткөрүү пункту калыбына келтирүү жана модернизацияга байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара көзөмөл башкы башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Жамбиев билдирди.
"Аталган бекеттен жөө адамдар өтө алышат. Болгону иш режими өзгөртүлөт — 6.00дөн 24.00гө чейин. Ал эми транспорттун бардык түрү "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Токмок" жана "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү бекеттерине жөнөтүлөт", — деди Жамбиев.

Ремонт иштерин 2020-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. 

Жамбиевдин айтымында, оңдоо иштеринен кийин паспорт текшерген кабиналардын саны көбөйөт. Ар бир багыт үчүн төрттөн тилке даярдалат.

Ошондой эле күтүү залы ачылат (баласы бар аялдар үчүн дагы ылайыкталат).

Көзөмөл бекетине оңдоо иштерин жүргүзүү чечими Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон сапарында чечилген.

Булак: NazarNews.kg
 

Поделитесь с друзьями