Күзөттө тургусу келбеген жоокер бутуна атып алды
Кылмыш жана кырсык  |   |  418

Чек арада кызматын өтөп жаткан жоокер күзөттө тургусу келбегендиктен бутун атайын өзү атып алган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка караганда 5-январь күнү Кыргызстан чек арасында кызмат өтөп жаткан жоокер күзөттө тургусу келбегендиктен бутуна автоматтан ок аткан. Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришкендей окуя Жалал-Абадда орун алган.

“Жоокердин абалы канаттандыраарлык деп бааланууда. Учурда ооруканада. Тергөө иштери жүрүп жатат”,-деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями