Кубанычбек Исабеков: ““Лю Ин менен Эмилбек Абдыкадыров Ат-Башыдагы жерди кандай келишимдин негизинде алып жаткандыгы жөнүндө маалымат жок”
Саясат  |   |  6742

--Кубанычбек Сатиндиевич, Ат-Башы районунда курулуучу логистикалык борбор тууралуу өз пикириңизди билдирсеңиз...

--Мага Нарын облусунун Ат-Башы районунда курулуучу логистикалык борбор тууралуу өз пикириңизди билдирсеңиз деген көптөгөн суроолор келип жатат. Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн, мамлекетибиздин келечегин ойлосок инвестиция керек. Бирок эң башкы маселе бул Кыргызстандын бүтүндүгү, биримдиги, элибиздин ден-соолугу бекем болуусу. Калган суроолордун баардыгы ушул багытка баш ийүүсү керек.

--Башка мамлекеттерден карыз алганыбыз адаттагы көрүнүшкө айланып бара жаткан жокпу?

--Мен кошуна өлкөлөрдөн карыз алганга каршымын. Жогорку Кеңеште иштеп турганда Жарандык жөнүндөгү мыйзамга коңшу мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусун бир кыйла татаалдаштырып,  бир топ өзгөртүүлөрдү сунуштап, өткөргөм. Элибиздин саны 6 млн. болсо, чакан жерибизди башкалар ээлеп кетип, кур калбайлы дегенбиз. Себеби калктын саны Кытайда 1.5 миллиард, Казакстанда 16-17 млн., Өзбекстанда 32-33 млн., Тажикстанда 9 млн. болуп келет. Биз мамлекеттин келечегин, бүтүндүгүн биринчи максатка коюшубуз керек.

-- Ат- Башыдагы логистикалык борбор жөнүндө айтып берсеңиз...

--Ат-Башыдагы логистикалык борбор жөнүндө тилекке каршы мен өз пикиримди ачык билдире албаганымдын себеби элге-журтка азыркы күнгө чейин Нарын Эркин Экономикалык аймагынын жетекчилиги кандай келишимдин негизинде Лю Ин менен Эмилбек Абдыкадыровго ошол жерди акимчиликтен толук алган жана кандай келишимдин негизинде берип жаткандыгы жөнүндө маалымат жок болуп жатат. Эл- журт дагы билбей жатат эмне үчүн массалык маалымат каражаттарына бул келишим жарыяланбай келет, эмне сырлары бар, жашыруун эмне маселелери бар экени белгисиз. Же чындыгында эле мамлекеттин келечегин ойлоп жаткан болсо анда сөзсүз түрдө элге-журтка келишимдин өзүн көрсөтсө жакшы болор эле.

--Ат-Башыдагы логистикалык борбордон таластык Эмилбек Абдыкадыровдун кулагы тикчийип жатат, келишим кандай түзүлгөн?

--Лю Ин менен Эмилбек Абдыкадыров тарабынан келишим түзүлгөн экен. Булар кимдер, кайдан акча алышкан деген суроолор дагы бар. Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытайдын башчысы Сы Цзинпиндин кол койгон келишиминин негизинде логистикалык борбор түзүлүүсү керек деп Өкмөт башчы дагы айтып кетти. Так ушул Ат-Башы жергесинде гана курулуусу керек экенин мен окуган эмесмин. Биздин Президент менен Кытайдын төрагасы кол койгон эл аралык келишим турса эмне үчүн жогоруда айтылган эки адамдын кызыкчылыгына курулушу керек? Эмне үчүн биздин Өкмөтүбүз же жергиликтүү бийлик менен алардын Кытай жактагы кесиптештери эки мамлекеттин жетекчилери кол койгон келишимди тиги эки жарансыз ишке ашырбайт? Ушундай сыяктуу бүдөмүк маселелер көп болуп жатат. Ошондой эле короновирус оорусу дагы элге коркунуч алып келип, чочулатууда.

--Негизи 49 жылга аренда деген мыйзам менен чечилген маселердин зыяны жокпу?

--Аренда 49 жылга деп А.Акаев жана "Легендарлуу парламент" учурунда мыйзам менен чечилген маселелер болчу. Мисалы, Ысык-Көлдөгү пансионаттар Казахстанга берилгенде 49 жылга берилген. Келишим мыйзам чегинде болуп, Жогорку Кеңеште бекитилген. Эң негизгиси чыр-чатагы жок, басып алуу, талап-тоноо жок, мыйзам чегинде чечилиши үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн келишимдерди караш керек. Мисалы, мен биздин чек ара бузулганына, элибиздин келечеги тебеленгенине, жерибизден кур калганына  каршымын, элдин биримдиги, ден-соолугу жана жерибиздин бүтүндүгү биринчи орунда.

Биз менен маекте мамлекеттик жана коомдук ишмер Кубанычбек Исабеков болду.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями