Кубанычбек Исабеков: “Япониянын командасына утулуп калганыбызга ичибиз күйдү”
Спорт | 

2019-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын футбол боюнча федерациясы жакшы иш чара өткөрдү.

Жыл ичинде кандай жетишкендиктер болду, алдыдагы пландары тууралуу жыл жыйынтыгы чыгарылды. Бул иш чарага саясатчылардан баштап, Кыргызстандын баардык облустарынан спорт күйөрмандары, футболдун ардагерлерине чейин чакырылды.

“Жылдын мыкты тренери”, “Мыкты футболисти” ж.б.у.с. номинациялар менен жана көмөктөшкөн ишканаларга алкыш каттарын, грамота менен сыйлашты. Өзүлөрүнүн өнөрүн көргөзүп исскуство чеберлери дагы катышты. Жаңы жылдын алдында жакшы саамалыктын бири болуп калды.

Кыргыз мамлекетинин спорт агенттигине мурун 500 миллион акча которулуп турса, азыркы учурда бир миллиард сомдон ашык акча бөлүнүп турганы абдан жакшы. Тилекке каршы биздин мамлекетте Мерседес же самолет, дүйнөлүк деңгээлде эч нерсени чыгара албайбыз. Буга карабастан биздин спортчуларыбыз, исскуство чеберлери дүйнө деңгээлинде Кыргызстандын желегин желбиретип келе жатышат. Спортту биз баарыбыз колдошубуз керек. Футбол - бул эң ири спорттун түрү болуп эсептелинет. Азия чемпионатында дагы сегиздин  катарына киргени кыргыз футболунун дагы чоң жетишкендиги. Эмки жылдары дагы бул ийгиликтер көбөйө берет деп мен ишенем. Элибиз дагы ушундай жакшылыктарды күтүп турат. Япониянын командасына утулуп калганыбызга ичибиз күйдү. Бирок алар менен тең тайлашып, утулуп калсак дагы бизде спорт утту дешибиз керек.

Ар бирибиз Кыргызстандын өнүгүүсүнө салымыбызды кошолу. Элибиздин ден-соолугу бул эң жогорку байлык, ошондуктан спортко тиешелүү көңүл бөлүнүшү керек деп эсептейм. Бизде дүйнөлүк чемпионаттар болуп атканда, Азия оюндарында дагы биринчи орунду алгандарга гана көңүл бөлүнүп калат. Мамлекет, Өкмөт, Жогорку Кеңеш экинчи, үчүнчү орунду алгандарга, ондун ичине кирип калса дагы аларга дагы тиешелүү көңүл бөлүнүп алкыш болобу, сыйлык берип, кийинки чемпионатта биринчи орун алууга өбөлгө түзүп бериш керек.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями