Коррупцияны кантип токтотсо болот?
Аналитикасы  |   |  307

Биринчи дүйнөлүк согушка чейин Россия менен Германия чекаралаш болгон. Ошол убакта Россия мамлекети чекара аркылуу өтүп жаткан контробандалык товарларды токтотуш үчүн, андай товарларды кармаган чекарачыга, ал товарлардын "чёрный рыноктогу" баасынын 60% ын төлөп берген. Бул жакшы эффект берген. Биздин мамлекет дагы ушул ыкманы колдонсо, коррупция менен күрөшүү өзүнүн үзүрүн берет. Ошондо, качандыр бир кездеги уурдалып кеткен акчаларды кайтарып алса болот. Бул коррупциянын негизги массасын жоюунун эффективдүү жолу. Мамлекет коррупция менен күрөшүүдө, коррупциянын себептери менен эмес, анын кесепеттери менен күрөшүп жатат. Ал эми ошол себептерди, кээ бир убакта мамлекет өзү жаратат. Мамлекеттик мекемелердин ичиндеги коррупция, бул коррупциянын кеңири тараган көрүнүшү. Бирок президент бир нерсени түшүнүш керек, бийликти тескеп, анын былык иштерин айтып туруучу оппозиция алсыз же жок болгондо, бийликтин жогорку эшолонунда коррупция пайда болоорун. Болгондо дагы ал коррупция, башка коррупциялардан чоң суммадагы көлөмү менен айырмаланаарын. Мындай көрүнүш өткөн кылымда Европада, тагыраак айтканда, Италияда байкалган. Биздин Бишкек ЖЭБтеги ж.б. коррупциялар, акыркы убактарда резонанс жаратып жаткан коррупциялар, аны дагы бир жолу тастыктап турат. ГСМ контробандасын дагы мамлекет өзү жараткан. Себеби ГСМ ды ташып келүү, сатуу укугун мамлекет толугу менен Газпромго берип койгону туура эместигин, ал үчүн монополияга каршы мыйзам бар экенин, атаандаштык жок болгондуктан ал каалаган баасын коюп сатып, ошондуктан контробанда болуп жатканын айтып туруучу оппозиция алсыз.

Андыктан бул коррупциялык көрүнүштөрдүн жоюунун бир гана жолу, парламенттеги оппозицияны ордуна алып келүү. Бир кезде армияга жалаң гана карапайым элдин балдары барып, "аткаминерлердин" балдары барышкан эмес. Мамлекеттик кызматка армияга барып келгендер гана алына баштагандан бери армияга "аткаминерлердин" балдарынан орун тийбей калды. Ошондой эле шаардын көчөлөрүнө видеокөзөмөл орноткондон бери МАИ кызматкерлеринин көчөдө акча алуусу токтоп, эң негизгиси көчөдө тартип орноду. Мамлекет ушуга окшогон иш-чараларды жүргүзсө, коррупциялык кээ бир көрүнүштөр өзүнөн-өзү жоюлуп, эң негизгиси ал жерде тартип орнойт. Себеби ага чейин болуп келген, мисалы көчөдөгү башаламаңдыкты ойлосок, биздин мамлекетте ошондой тартип жок, башаламандык. Коррупционерлер ошондой жагдайдан пайдаланат. Мисал үчүн мамлекеттин бюджети жыл сайын толбой жатат. Анын толбой жатканынын башка себептери дагы бар болушу мүмкүн, бирок ал себептердин бири мамлекеттик компаниялардын, акыркы убакта чуу чыккан профсоюз федерациясындай болуп тапкан кирешелерин бюджетке которбой, өзүлөрүнө жумшап жаткандыгында. Бул туура эмес, чиновниктердин айлык алуусунда тартип болуш керек. Эгерде мамлекетте 3000 сом айлык алгандар бар болсо, чиновниктин алган айлыгынын жогорку чеги 3000 сомго салыштырмалуу акылга сыярлык болуп, 100-200 миң болбошу керек, себеби бул карапайым элдин кыжырын гана келтирет. Башка бир мисал. Каржы министрлиги, бул экономикабыздын "жүрөгү" десек жаңылышпайт болушубуз керек. Ошондуктан ал жакта мамлекеттин көзөмөлү болуп, башаламандык болбошу керек, бирок ошондойбу?

Эгерде мамлекеттик мекеме 1-категориядагы объект болсо, аны куралчан күзөтчү кайтарууга туура келсе, анда ИИМдин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгына (МАККББ) күзөткө өткөрсө болот. Бирок бул жерде тартиптин жоктугунан пайдаланып, каржы министрлигинде отурган ар-бир тармактын кураторлору, мекемелердин башкы эсепчилери менен келишип алып, мамлекеттик мекемелердин баардыгын күзөт агенттиктерине күзөткө өткөрүп жиберишкен. Бул коррупциялык схеманын маңызы: Эгерде бир мекеменин күзөтү үчүн мамлекеттик тариф менен, мисал үчүн айына 9-10 миң сом каралса, кураторлор 40-50 миң сомго чейин жумшаганында, болгондо дагы бул сумма кураторлордун "аппетитине" жараша болот (эң кызыгы, азыр таштандыларды ташып чыгаруудадагы, ушул схеманы пайдалана башташты). Мамлекеттин масштабында бул аябагандай чоң акчалар, бирок аны негедир мамлекет көзөмөлдөй албайт. Бирок мунун экинчи жана үчүнчү жагы бар.

Бир кездеги мамлекеттик мекемелердин штатында каралып, ал мекемелерди кайтарып, пенсия курагына келип калган жүздөгөн, а мүмкүн миңдеген адамдар жумушсуз калды.

Кичинекей пенсия алса дагы, пенсионердин акыбалы алардыкынан жакшыраак, нан сатып алганга мүмкүнчүлүгү бар. Аларда андай мүмкүнчүлүк жок, себеби курагына байланыштуу аларды эч жерде жумушка алышпайт, ошол эле күзөт агенттиктери дагы. Алар мамлекетке дагы, үйгө дагы кереги жок болуп, пенсияга али эрте, акча иштеп тапканга мүмкүнчүлүктөрү жок, үйдө жек көрүндү акыбалда калышты, бул факт. Ал эми үчүнчү жагы, жумуштан бошоп калышкан ушул адамдар чекесинен пенсияга чыгып жатышат, бирок алар өздөрүнүн пенсиясын өздөрү иштеп табышкан алардын жумушчу орундары пенсиялык фонддун бир булагы. Эми болсо стажы жок, алар мамлекеттин эсебинен пенсияга чыгууга туура келип, "ашка да жүк, башка да жүк" акыбалда калышты. 0. Лаврова Каржы министри болуп турганда ушул коррупциялык көрүнүштү айтса дагы, ушул коррупциялык схеманы түзгөн, мурдагы Каржы министри, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты, өзү аны парламентте көтөрүп чыкса дагы, ага эч ким ага көңүл бурбай койду. Себеби мамлекетте, мисал үчүн кадр тармагында орногон башаламандык сыяктуу, финансы тармагын башкарууда башаламандык орногон. Мындай болбошу керек эле. Ушуга окшогон көрүнүштөр, бийликтин өзүнүн корупцияга аралашы, депутаттарга же бийликтин жогорку эшолонундагы "аткаминерлерге" каралган жеңилдиктер, ж.б., ушуларды көрүп турган карапайым элдин бийликке болгон ою бузулуп, ошого жараша алар бийликке мамиле жасай башташат. Пластикалык бөтөлкөлөрдү же башка нерселерди көрүнгөн жерге ыргытып кете бергенин, көчөдөгү эс алуу үчүн коюлган отургучтардын же кооздук үчүн коюлган нерселердин талкаланып калгандыгын, ушуга окшогон көрүнүштөрдү "маданиятабыздын жоктугу"-деп ойлойбуз, бирок аны "элдин бийликке берген жообу"-деп түшүнсөк болот. Светке, газга, же коммуналдык кызматтардын кымбатташына болгон элдин реакциясы, төлөмдөрдү төлөбөй коюу, уурдашы же көмүскө экономиканын гүлдөшү, же ишкерлердин салыктарды төлөөдөн качкандары, алардын бийликке болгон жооптору. Экономикабыздын аксап жатканынын эң негизги себеби ушунда. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германиянын экономикасы оор акыбалда болгон.

Ошол убакта Бундестагдын депугаттарынын демилгеси менен депутаттарга каралган баардык жеңилдиктерди жоюлуп, айлык акыны мамлекеттик орточо айлыктын деңгээлине чейин түшүрүшкөн жана министирлерди - кошулууга чакырышкан. Бийликтин бул кадамынан кийин элдин бийликке болгон ишеничи жаралып, тыянагында экономика кризистен чыгып, Германия мамлекети өсүп-өнүгүү жолунда дүйнө жүзүндө алдынкы орундарга чыккан. Бирок биздин бийлик бутактары ошондой жолго бара алабы? Кеп ошондо! Көп учурда элди "Мамлекет жөнүндө президент гана ойлоп, калгандары ал жакка оокат кылыш үчүн эле барат окшойт" - деген ойго калтырат. Себеби президент канчалык коррупция менен күрөшүүгө аракет жасап жатканы менен анын аппарат жетекчиси, же тегереги, же жакын адамдары андай аракеттерди жокко чыгарып жатат, себеби кадр саясатында алар чоң роль ойношот. "Если дать власть и кухарка может управлять" - деп В.ИЛенин айткандай, кайда барбагын тажырыйбасы жок, билими тайкы, тааныш-билиш, же акчанын күчү менен келген адамдарды көрөсүң. Биздеги болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн баардыгы ушул "кыргызчылыгыбызда", - коррупция дагы, экономикабыздын чабалдыгы дагы, эки революциянын себеби дагы. Алардан кандай жетекчилер чыгат? Ал адамдар жеп-ичкенди гана билинет, коррупционерлердин уюткусун ушулар түзөт. Мамлекеттик кызматтарга тааныш-билиш аркылуу орноштуруу, бул кеңири тараган көрүнүш. Ал аз келгенсип ар-бир жаңы келген бийлик, өзүнүн адамдарын кызматка алуу үчүн улам жаңы мекемелерди ачып, же штаттарды кеңейте берип, мамлекет анын айынан "Койчуман көп болсо, кой арам өлөт" акыбалалга келди. Бийлик Бишкек ЖЭБтеги аварияны коррупцияга байланыштырып жатат, бирок коррупциянын аварияга кандай тиешеси бар? Бишкек ЖЭБ бул чоң, татаал чарба. Андай жерде өз ишин билген адис, кесипкөй адамдар иштеши керек. Бирок биздин "кыргызчылыгыбыз" алардын ордуна эч нерседен түшүнүгу жок өзүнүн адамдарынал жакка тыга беришип, ЖЭБде авария болду. Биздин мамлекет ошондой акыбалда турат. Союз маалында колхоз-сохоздор, завод-фабрикалар жана башка баардык ишкана, мекемелер мамлекетти карамагында болуп, аларды башкарууда, иштетүүдө кызматчылардын армиясы керек болгон. Алар азыркыдай компьютер жок, колу менен жазышкан, эсептешкен, ошондой болсо дагы алардын саны азыркы мамлекеттик кызматчылардын санына жеткен эмес. "Эшектин жүгү канчалык жеңил болсо, ал ошончолук жаталак болот".

Муну ар-ким өзүнөн байкаса болот. Канчалык жумушу азайган сайын, адам башка жумуштарды дагы жасагысы келбей, жалкоолоно баштайт. А бирок жумушу көбөйгөн сайын адам чыйралып, башка иштерди дагы кошо жасай баштайт. Биз ошондой болуп жаралганбыз. Ошол сыяктуу бир бөлүмдө иштегендер канчалык көп болсо, ал бөлүмдүн жумушу ошончолук аксай берет, "Койчуман көп, кой арам өлөт" болот. Бул бүтүн бир мекемеге, бүтүн бир министрликке тиешелүү. Ошондуктан ар бир бөлүмдөн баштап, мекеме, министрликтин штаттарын оптималдаштууру зарыл. 1917-жылкы революциядан кийин мал жер, завод-фабрика ээлери камалып, же жер которууга, же качууга туура келген. Бирок Россия империясынын экономикасы андан эч кандай пайда тапкан эмес. Тескерисинче, экономика толугу менен талкаланып, элде ачарчылык болгон, бул башыбыздан өткөн. Ошондуктан, мүмкүн болушунча, коррупционер кармалгандан кийин, аны камабай, мүлкүн, бизнесин конфискациялабай, ага уурдалган акчаларды мамлекетке кайтарып бергенге мүмкүнчүлүк беришибиз керек, мисал үчүн бизнесин иштетүү аркылуу. Мындай мамиледен мамлекет эч кандай зыян тартпайт, тескерисинче пайда гана көрөт. Грузия ушул жол менен кетти, азыр ошол коррупцинерлердин эсебинен мамлекет жашап жатат. Булар корупциялык көрүнүштөрдү токтотуунун гана жолдору. Бирок коррупцияны толук токтотуунун жолу бул мыйзамдын күчтүүлүгү. Коррупция биротоло токтойт, эгерде мыйзам алдында ар бирибиз жооп бере турганыбызды сезсек, жүрөгүбүзгө туйсак деген ой.

Ш.М.МЕТЕЕВ, инженер-экономист

Булак: “Ачык саясат”

Поделитесь с друзьями