Коррупциядан түшкөн каражаттын эсебинен Ошто мектеп курулат. Дагы канча мектеп курса болот?
Илим  |   |  253

Бүгүн, 24-декабрда 500 орунга ылайыкталган окуу корпусунун капсула коюу аземи болуп өттү.
Мектептин курулуш иши Бирдиктүү аманат эсебинен (коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчалар) каржыланат. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аземде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев жана “Манас-Ата” кичи районунун жашоочулары менен мектеп директорлору катышты. Таалайбек Сарыбашев аземде сүйлөгөн сөзүндө:"коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасынан келип түшкөн акча каражатын чогултуу макасатында Бирдиктүү аманат  эсеби ачылган. Мындагы өлкө башчысынын  койгон башкы максаты-балдардын билим алуусуна шарт түзүү жана билим сапатын жогорулатуу. Бул суммага республика боюнча жалпысынан 15 мектеп курулушу мерчемделген. Анын бири Ошто салынат. Бул үчүн Нариманов мектебинин аймагы каралган”,-деп билдирди. 

Иш-чаранын жүрүшүндө мэр курулуш иштеринин сапаттуу болушу үчүн  атайын  тапшырма берди.

Эскерте кетсек, июль айындагы президенттин басма сөз кызматы Ош шаарындагы мектептин курулушуна 799,3 миллион сом бөлүнөрүн кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями