Коронавирус оорусунан каза тапкандардын саны 1770ге жетти
Дүйнө жүзүндө  |   |  1273

Кытайда коронавирус оорусунан каза тапкандардын саны 1770 ге жетти. 10,8 миң адам айыкты, ооругандардын чаны 70,5 миңге жетти. Бул тууралуу кытай басылмалары кабарлады.

Кечээ, 16-февралда 68,5 ооругандар, 1665 каза болгондор жана 9419 оорудан айыккандар деп маалымат беришкен.

Региондор арасында ооруну жуктургандардан биринчи орунда 58,1 миң адам катталган Хубэй провинциясы, алардын 1696сы каза болгон жана 6639 адам айыккан. Андан кийинки орунда Гуандун (түштүк), ал жакта 1,3 миң тургун ооруп жатат, Хэнань ( борбор) жана Чжэцзян (чыгыш), экөөндө 1,2 миң жана 1,1 миң адам катталган.

Пекинде 16-февралдагы маалымат боюнча ооругандардын саны 381 адам, алардын ичинен 114 адам ооруканадан үйүнө чыгарлыган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями