Кореянын Президенти Мун Чжэ Ин Президент Сооронбай Жээнбековду Жаңы жыл менен куттуктады
Расмий кабарлар  |   |  164

Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Ин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен менен куттуктады.

«Корея Республикасы менен достугуңуз жана көрсөткөн колдооңуз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Корей элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге Жаңы жылда бардык жакшылыктарды каалайм. Сиздин Корей жарым аралында тынчтыкты орнотууга багытталган колдооңуз жана кызматташтыгыңыз корей элинин ишенимине арзыйт. Корея мындан ары дагы эл аралык коомчулук менен биргеликте тынчтыкты курууга бардык күчүн жумшайт. Кирип келе жаткан Жаңы жылда биздин эки өлкө кызматташтыгын улантат деген үмүттөмүн. Сиз менен тынчтыкта өсүп-өнүккөн Корея жарым аралында жолугушуубузду чыдамсыздык менен күтөм», — деп белгиленет Корея Президенти Мун Чжэ Индин телеграммасында.

Поделитесь с друзьями