Китеп окуу аркылуу сиз чыгармачылык жөндөмдүүлүгүңүздү арттыра аласыз
Илим  |   |  1134

Белгилүү окумуштуу, генийлер “китеп менен дос болгула”- деп кеңештерин калтырган.  Чынында китепте катылган сыр бар. Эгер алар китепсиз ийгиликке жете турган болсо, китепти окугула дешмек эмес.

Демек, китеп адамды, адам кылып жашоого тарбиялайт. Андыктан китеп тууралуу кеңештерге көз чаптырып,  көңүлүңүзгө түйүп коюңуз.

1.Китеп окуу аркылуу ой жүгүртүүңүз өсөт.
2.Китеп окуган адамдын көз карашы кенен жана өзүн таанууга жол ачат.
3.Китеп окуу аркылуу  терең ой жүгүртө аласыз.
4. Китепти канчалык көп окусаңыз ийгиликке жетесиз.
5. Көп окуган адамдын сөз байлыгы кеңейип, адамдар менен натыйжалуу баарлаша алат.
6.Китеп окуу аркылуу сиз чыгармачылык жөндөмдүүлүгүңүздү арттыра аласыз.
7.Китепти көп окуу эс тутумду жогорулатат.
8. Китепти көп окуу мээнин ыкчам иштөөсүн өстүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями