Кимге пайда?! 100 миң долларга чейинки сумманы жөн эле сыртка чыгарып кетүүгө уруксаат берилди
Коом  |   |  813

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жарандары 2020-жылдын 4-февралынан тарта декларация толтурбастан сыртка 100 миң долларга чейин чыгарып кете алышат.

Бул туурасында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын билдирүүсүндө айтылат. Анда белгиленгендей, чечимди былтыр 2019-жылдын август айында, Евразия экономикалык комиссиясы кабыл алган.

Белгилей кетсек, буга чейин ЕАЭБ аймагынан, декларация толтурбай туруп 10 миң доллардан ашык эмес акчаны сыртка чыгарууга мүмкүн эле. Андан ашкан сумма үчүн акчанын булагы жана анын кандай максатта чыгарылып жаткандыгын көрсөтүү зарыл болучу.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями