Казакстанда коронавирустан бир адам көз жумду
Дүйнө жүзүндө  |   |  2062

Казакстанда коронавирустан бир аял каза болгонун 26-мартта кечинде маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев билдирди.

Казакстандын Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында 28-марттан тартып карантин чаралары күчөтүлөт. Аларга ылайык, шаар тургундарына үйлөрүнөн азык-түлүк, дары-дармек алууга жана жумушка барып келүүгө гана уруксат берилет. Бардык сейилдөөчү жайлар, балдар аянтчалары жабылат. Коомдук транспорттун жүрүшү чектелет. Үч кишиден ашуун жолуугуга тыюу салынат.

Белгилей кетсек, Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 26-мартта Нур-Султанда дагы тогуз адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын билдирген.

Ушуну менен өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 109га жетти.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө 500 миңге жакын адамдан коронавирус аныкталып, 21 миң адам көз жумду жана 114 миңден ашуун адам айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями