Карантинден качып кеткен аял соттолобу?
Дүйнө жүзүндө | 

Санк-Петербургдун Петроград райондук соту мажбурлап жаткырылган Алла Ильинанын ооруканадан качып кеткен ишинин соттук отурумун 17-февралга пландаштырды. Бул тууралуу “Невские новости” басылмасы билдирди.

Малыматка ылайык, арызды Санк-Петербургдун башкы  санитардык дарыгери жазган.

Ильина январь айынын аягында Петербургга Кытайдан учуп келген. Бир нече күндөн кийин ал өзүн жаман сезип, дарыгерлерге кайрылган. Алар аны 14 күнгө карантинге жөнөтүшкөн. Алла коронавирус оорусу чыкпагандыктан, бул чечимди анын эркиндик укугун бузуу деп санап, бир нече күндөн кийин качып кеткен.

NEWS.ru басылмасы билдиргендей, Санк-Петербургдун башкы санитардык дарыгери сотко арыз жазган. Ал качып кеткен бейтапты күч менен ооруканага кайтарууну талап кылды.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями