Кант диабетине чалдыккандардын саны мурдагыга караганда 3-4 эсе көбөйдүбү?
Ден-соолук  |   |  220

Бүгүн кант диабетин алдын алуу жана дарылоодогу социалдык өнүгүү маселесин кароо боюнча Бишкекте жыйын өткөрүлүп, жыйынга коомдук уюмдар менен бийлик өкүлдөрү катышты. Кыргызстанда кант диабети оорусуна чалдыккандардын саны 240 миңге жакын. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Бишкекте өткөрүлгөн жыйында айтты. Каратаевдин айтымында, кант диабетине чалдыгып каттоодо тургандардын саны 60 миңдей адам. Бул мурдагыга караганда 3-4 эсе көп болушу мүмкүн.

"60 миңди төрткө көбөйткөндө 240 миң адам кант диабети оорусунун тигил же бул түрү менен ооругандар", -дейт Саламаттык сактоо министринин орун басары.

Булак:NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями