Канатбек Исаевге козголгон кылмыш иши эмнеге токтотулду?
Кылмыш жана кырсык  |   |  446

Жогорку сот депутат Канатбек Исаевге карата чыгарылган биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөрттү. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, сот иш боюнча териштирүүнү кылмыштын курамында жок болгондугу үчүн токтотту.

«Жер аянтын бөлүп берүү, «ТИГ» мекемеси менен «ТЦТ» ЖАКты түзүү, «Яшар» дүкөнүн көчүрүү эпизоддору боюнча Канат Исаевге, Болот Имамадиевге, Мирлан Эсенбековго карата Биринчи май райондук сотунун 2018-жылдагы өкүмү жокко чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Жогорку соттун соттук коллегиясынын токтому менен Канатбек Исаевге карата козголгон кылмыш иши, анын кылмыштын курамында жок болгондугуна байланыштуу токтотулду.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями