КАЙРЫЛУУ: Сооронбай Шарипович! Соттор сизден да, мыйзамдан да, кудайдан да коркпойт экен
Коом  |   |  1458

Кыргыз Республикасынын Президенти
СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВго

 

                                                   К А Й Р Ы Л У У

                                  Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиз Президент болуп шайланып, коррупцияга каршы күрөш баштаганыңызда биринчилерден болуп мен кубанганмын. Акыры өлкөдө тартип, тазалык, адилеттик, акыйкаттык орноп калат экен деп катуу үмүт кылганмын. Анан Сиз сот реформасын тереңдетебиз деп, аларга “Кудайдан корккула” дедиңиз.

Буюрса алар коркуп калышар дедик. Бирок, негедир реформа алдыга жылбай атабы же соттор Кудайдан коркпой жатабы, айтор мурда алар кандай башамаландык менен иш алып барышса, ошол бойдон эле келе жатышат. Өзгөрүү байкалбай жатат, муну мен өзүмдүн акыркы 8 жылдан берки өкүнүчтүү мисалымдан билем.

Мен 2011-жылы там сатып алып, үй-шартымды жакшыртайын деп аракет кылдым. Кочкор-Ата шаарынын Ленин көчөсү-68 “а” дарегиндеги үйдү Мамашова Мисиркандан сатып алуу үчүн 5 миллион сомго баалашып, анын 1 миллион сомун нотариус аркылуу ошол эле жылдын октябрь айында бергенмин. Ал эле эмес, М. Мамашованын кызы К. Мавлянованын ушул үйдү күрөөгө коюп алган кредити үчүн 2011-жылдын 1-декабрынан 2013-жылдын 1-октябрына чейин дагы банк аркылуу 1 миллион 700 миң сомун төлөп бердим. Квитанциялары менде сакталуу турат.

Бирок, адам аласы ичинде болот тура, алданып калдым. Үйдү сатып жиберишпесин, күйүп калбайын деп алдын ала аракет кылдым. Ноокен райондук сотуна арыз менен кайрылып, судья А.Жарымбетов 2014-жылдын 27-майында  үйгө камак салган аныктама чыгарды. Чыгарарын чыгарды, бирок ал аныктама соттун имаратынан 300 метр аралыкта турган мекемеге өз убагында жетпей, сотто жата берип, 30-май күнү Юсупов Дурустун наамына өтүп кетти.

Бул жерде атайын алдын ала сүйлөшүлгөнү көрүнүп турат, себеби менин арыз бергеними билишкен, судья аргасыздан аныктама чыгарган, бирок аныктама Мамкаттоого тез берилбей жата берген, анын ортосунда үйдү башка бирөөгө каттап үлгүрүшкөн. Болгондо да үйдү башка кишиге Кочкор-Атадагы нотариус турса, алысыраактагы Ноокен райондук нотариусунан өткөрүшкөн.

Мен жөн турбадым, Ноокен райондук сотуна доо арыз менен кайрылдым. Сот 2014-жылы 20-ноябрда менин пайдама 2 миллион 700 миң сомду өндүрүү жөнүндө чечим чыгарды. Жалал-Абад областтык соту да менин акыйкатымды ырастады, 2015-жылы 6-мартта М. Мамашованын апелляциялык арызынын негизинде иш карап, менин пайдама 1 миллион 641 миң 757 сомду өндүрдү.

Бирок, Жогорку сотко келгенде иш башкача болду. Жогорку сотто бул иш 2015-жылы 24-июнь күнү каралып, менин кредит үчүн төлөгөн 1 миллион 661 миң 331 сомду К. Мавляновадан, ал эми 1 миллион сомду М. Мамашовадан өндүрүү керек деп тапты. Райондук жана областтык соттордун кабыл алган чечимдери бузулуп, кайра кароого райондук сотко жөнөтүлдү.

Ошондон баштап менин өмүрүмдөгү эң азаптуу күндөр башталды. Себеби жоопкер тараптар менен соттор өз ара макулдашып алышканбы, айтор ишим артка кетти. Ноокен райондук сотунун төрагасы Т.Ж. Найманбаевдин төрагалыгы астында соттук кароо башталып, 6 жолу соттук кароо бегиленип, бирок бир жолу да соттук жараян болгон жок. Себеби, жоопкер М. Мамашова эптеп убакытты артка тартуу үчүн ар кандай шылтоо, себептер, өтүнүчтөр, тактамалар менен сот жараянын болтурбай жүрдү. Ал эмне деп кайрылса, сот ошону макул таап турду. Мен болсо, сотко келип-кетип, акыры тажадым.

Акыры айлам кеткенде мүлк укугумду коргоо үчүн прокуратурага кайрылдым. Себеби мени алдап кетишпедиби, алдамчылыктан жабыр тартып жатпаймынбы.

Прокуратура органдары тыкан иликтеп, кылмыш курамын аныктап, сотко өткөрүштү. Ноокен райондук сотунда бул кылмыш иши каралып, М. Мамашованын кылган кылмыш иши үчүн 5 жыл 6 ай мөөнөтүндө эркинен ажыратуу жазасы дайындалды. Мен эми адилеттик ордун тапты го дегем, бирок Жалал-Абад областтык соту менен Жогорку сот райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, мени алдап кеткен, зыян келтирген, азырга чейин азап берип келаткан М. Мамашованы актап жиберишти.

Көрсө, ал таптаза, татынакай экен. Эми жарандык иш боюнча соттошуулар улантылды. Ноокен райондук сотунда соттор убактылуу жок болуп калып, биздин ишти Базар-Коргон райондук сотунда кароо башталды. Баякы эле көрүнүш кайра кайталанды, сот карай турган күн белгиленет, мен Ноокен районунан Базар-Коргонго келем, келсем сот кайра башка күнгө жылдырылат. Бир нече жолу ошондой болуп, жок эле жерден убара чегип жүрдүм. Анан акыры жоопкер М. Мамашованын ишенимдүү өкүлү К. Кырбашева иш боюнча күбөлөр Ноокен районунун аймагында жашагандыгын эске алып, соттук кароолорду Ноокен райондук сотуна өткөрүп берүүнү суранды. Бул өтүнүчтү судья Т.Т. Маматова канааттандырып, иш кайра Ноокен райондук сотуна келди. Судья К.Н. Абылов ишти карай баштады, бирок жоопкер М. Мамашова эски адатына салып, ар кандай шылтоолор менен соттук жараянга келген жок.

Ошентип, биринчи, экинчи соттук отурумду үзлгүлтүккө учуратты, бир ай жөн эле өтүп кетти. Мен келе берем, кайра кете берем, убара тартып жүрдүм. Ал ортодо менден чыгым кетип жатканы, менин ден соолугум кетип жатканы эч кимди кызыктырбайт.

Акыры 2017-жылдын 24-августунда соттук кароо чындап башталып, анда да жоопкердин өкүлү К. Кырбашева мурдагыдай эле өтүнүч менен келди. Бул жарандык иш боюнча жоопкер Бишкек шаарында жашагандыктан, соттук кароо Бишкек шаарынын 1-Май райондук сотуна өткөрүп берүүнү өтүндү. Сот, албетте, аны канааттандырып берди. Анан бул жарандык иш 2017-жылдын 14-сентябрь күнү 1-Май райондук сотуна келип түшүп, бир айдан кийин, же 2017-жылдын 11-октябрына соттук отурум дайындалды. Сотко келдик, бирок баякы эле көрүнүш дагы кайталанды – жоопкердин өкүлү К. Кырбашева сотко келбей, соттук жараян болбой калды. Бишкектин биздин Ноокен райоунан алыстыгы, ал жакка чейинки жол жана башка чыгымдар, адамдын ден соолугу, убаракерчилиги эч кимди кызыктырган жок. Көрсө, ал чындап эле эч кимди кызыктарбайт экен.

Ошентип, 2017-жылдын 14-сентябрынан 2018-жылдын 15-январына чейин 1-Май райондук сотунун судьясы Жаныбек кызы Венера 5 жолу соттук отурум өткөрдү. Бул соттук оутурмдарда да жоопкердин ишенимдүү өкүлү К. Кырбашева ар кандай негизсиз өтүнүчтөрү менен келип, ишти кароону үзгүлтүккө учуратуунун, убакытты создуктуруунун аргасын издеп жатты. Соттук тергөө иши бүтүп, жарыш сөз башталган кезде К. Кырбашева “мен даяр эмесмин” деп, сот отуруму 1 айга
артка жылып, 2018-жылдын 15-январына жылдырылган. Анан ошентип 15-январь күнү сот башталды. Сотто жарыш сөз башталышы керек эле, бирок дагы эле жоопкенрдин өкүлү К. Кырбашева өтүнүч келтирди.

Жоопкерлер М. Мамашова менен К. Мавлянова Бишкек шаарынын Свердлов районунда жашагандыктан, бул жарандык ишти кароону Свердлов райондук сотуна өткөрүп берүүнү өтүндү. Судья Жаныбек кызы Венера бул өтүнүчтү токтоосуз канааттандырып берди. Анда неге судья бул ишти 4 ай бою карап, тергөө жүргүзүп, өзү да, биз да убара болдук? Неге соттук кароо аягына чыгып калганда баарын токтотуп салат? Менин канча убактым, канча каражатым кетти, канча кыжаалатчылык болду, нерв кетти, убара болдум. Эмне үчүн ушул жагын эч
ким ойлонбойт? Эмнеге? Эмне үчүн соттордо принципиалдуулук, акыйкаттык, адилеттик жок? Эмнеге алар кызыкдар тараптардын нускоосу боюнча ээрчип кете
беришет? Мунун артында акча турган жокпу?

Анан жарандык иш Свердлов райондук сотуна өттү, анда бир нече жолу соттук отурум болду. Баякы эле убаракерчилик, баякы эле чыгым, баякы эле кыжаалатчылык. Мен Бишкекке барганы да акча таппай калдым, араң зорго адвокатым М. Койчумановага каражат таап берип, аны эптеп сотко жөнөтүп турдум. Өзүм бир жолу да бара алганым жок. Акыры 2018-жылдын 17-апрелинде судья Ж.Ж.Сабырова ишти карап, Мисиркан Мамашовадан менин пайдама келтирилген доодогу 1 миллион 647 миң 754 сомдун 291 миң 795 миң сому өндүрүлдү. Менден мамлекеттик алым үчүн 135 миң 595 сом өндүрүлдү. Ал эми М. Мамашова менен К. Мавляновадан мамлекеттик алым үчүн 700 сом өндүрүлдү.

Бул эмне деген акыйкат? Эмне деген адилеттик? Эмне деген сот адилеттиги? Мен каражатым жоктугунан сотко бара албай жатсам, мамлекеттик алым үчүн 135 миң 595 сомду кантип төлөйм? Төлөй алган жокмун. Сот аягына чыгып, мөөнөтү өтүп, өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтире албасымды жакшылап эсептеп чыгышты. Каалагандай жыйынтыкка келишти, мен эмес, алар утуп чыгышты.

Мен маңдай тер менен тапкан, үй сатып алам деп короткон, төлөп берген акчаларымды кайтарып алам деп 8 жыл соттошуп жүрдүм. Бул арада үйсүз калып, бала-чакам менен магазинде жашап келдим, карызга баттым, азыр да ушул жашоо өтүп жатат. Мен да балдарым менен кенен үйдө жашайын, жакшы шарт түзөйүн дедим эле, бирок алдамчыларга алданып калдым. Же акчадан жок, же тамдан жок калганымды баары көрүп турат.

Ал эми соттор болсо, алдамчылардын жана кылмышкерлердин кызыкчылыгы менен иштеп, алардын ар кандай негизсиз өтүнүчтөрүн канааттандырып, аларды жоопкерчиликтен куткарып кеткени жанды кашайтат.

Эмне үчүн алар чындыкка тике карап, акыйкат чечим чыгарып, зыян тарткандардын, жабыр тарткандардын тарабында болушпайт? Эмне үчүн мамлекет өзүнүн алсыз, жабырланган жарандарын сот аркылуу коргобой, текерисинче аларды оор абалга салып мазактайт? Эмне үчүн сотторду ишин дагы эле эч ким көзөмөлдөбөй жатат? Эмне үчүн алар өз билгенин жасап жатышат? Эми балээ ушуну менен эле токтоп калса мейли эле, алдамчылар, зыян келтиргендер кайра эле мага көйгөй жарата турган болушту. Менин зыян тартканымды, алданганымды, оор абалда жашап жатканымды да, өздөрүнүн мага жасагандарын да эске алып коюшпастан, эми менден ири суммадагы акча өндүрүп алууга киришкени кызык болууда. М. Мамашованын ишенимдүү өкүлү К. Кырбашева 2020-жылдын 14-январында Ноокен райондук сотуна доо арыз менен кайрылып, моралдык чыгымдар үчүн 2 миллион сом, жол чыгымдары үчүн 326 миң сом өндүрүп берүүнү сураптыр. А мен болгону өзүмдүн алданып берген акчаларымды өндүрүп алууну гана көздөгөнмүн. А менин моралдык чыгымдарымды, жол чыгымдарымды ким төлөп берет? Акыйкаттык кайда?

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Мен энемин, балдарым бар. Сиз эч канчан энеңиздин менин абалыма түшүшүн каалабас элеңиз. Мен аялмын, Сиздин да жакшынакай аялыңыз бар. Сиз анын менин абалыма түшүп калышын каалабас
элеңиз. Эч бир аял, эне, жубай менин абалыма түшүп, көз жашын төкпөсө экен дейм. Ошондуктан да Сиз мамлекет башчысы катары сот системасын, сотторун ишин тартипке салсаңыз гана көптөгөн аялдар, энелер өксүп ыйлабайт эле, көз жашын агызбайт эле. Ушул тармакты жолго салыңызчы, соттордун жоопкерчилигин көтөрүп, тартипке салыңызчы. Сизден күтөбүз. Ошондой эле менин ишим боюнча атайын текшерүү уюштуруп, акыйкатка жетүүмө жардам беришиңизди эне катары суранамын. Кайрылуума тийиштүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркедим.

Кайрылуу ээси Акматова Анипа

Дареги: Жалал-Абад областы, Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Токтогул көчөсү-25.

Байланыш телефонум: 0552 150 333; 0773 150 333.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями