Кафенин кардарлары официант кызга унаа белек кылышты
Дүйнө жүзүндө  |   |  275

АКШда кафенин кардарлары официант кыздын жумушка келип-кетүүсү үчүн  жолго 5 саат убакыт кетирерин билген соң, ага унаа белек кылышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Кыз унаага акча чогултуп жүргөн. Кафеге келген кыз-жигит кыз жумушка келип-кеткени 22,5 чакырым жол басарын кокусунан угуп калышкан. Кетип, кайра бир нече сааттан кийин кайра келип, кызга  2011-жылы чыккан Nissan Sentra  үлгүсүндөгү унаанын ачкычын белек кылышып, унаанын ордуна бир адамга жакшылык кыласың деген шартты коюшкан.

Болгон окуяга официант кыз таң калып дагы деле бул чындык экендигине ишене албай жатканын айтып берген.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями