Качкынбек Булатов, укук коргоочу: “Бүгүн, каралар күч менен жергиликтүү депутаттарды коркутууга алып, айыл өкмөттү шайлатты”
Коом  |   |  1756

Бүгүн, 10 - февралда Жалалабад облусунун Сузак районунун Таш булак айыл өкмөтүнүн сессиясы кворум жетпегендиктен өтпөй калды. Айыл өкмөттү шайлардын алдында, ар кайсы жерден келген спортсмен – каралар күч менен жергиликтүү депутаттарды коркутууга алып, айыл өкмөттү шайлатып алган. Ошондон кийин айылдык кеңештин депутаттары коркуп сессияга барбай жатышат. Ушуну менен экинчи жолу сессия болбой калды.

Депутаттарды кысымга алып коркутуга жеке эле каралардан башка күч органы дагы кысымга ала баштады. Спортсмендерди өлкө аралык мелдешке колдонбой карапайым элге каршы алып чыкканды бийлик колдоно баштаганына көп болду.

Алсак, Мырзакматовго каршы кара - спортсмендерди алып чыгып бийлик жеңишке жетишкен эле. Ошондон бери Ош – Жалалабадда Спортсмен – караларды,  бийлик кенири колдонуп калгандын белгиси. Эгерде ушундай жагдайга бийлик салкын көз сала берсе, баш аламандыкка алып келери толук кандуу. Өлкөдө өтө кооптуу, коомго карама каршылык алып келе турган жагдай түзүлдү.

Атамбаев ушундай күч колдонуу жолду тандап алганы курусун. Өлкөнү жаратмандык, данакерлик, конструктивдүү башкаруу жолду тандабай койгону өкүнүчтүү. Күч колдонуп убактылуу жеңишке жетип жатып ушуга алып келди. Ажо өз элине баш аламандыкка алып келип, Кыргыздын шорун катырбаса экен.

Качкынбек Булатов, Укук коргоочу

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями