ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ! Өспүрүм кыз үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра келген эмес
Кылмыш жана кырсык  |   |  1353

Сузак районунун Сузак айылынын тургуну 2005-жылы туулган Нурмаматова Саодатхон Фарходжоновна 2020-жылдын 4-февралында болжол менен 11:00 чамаларда белгисиз себептерден улам үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда 15 жаштагы Нурмаматова Саодатхон Фарходжоновнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 170-175 см, ак жүздүү, чачы кара, сол көзүнүн астында калы бар.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү узун куртка, кара түстөгү кышкы бут кийим, күрөң түстөгү жашыл сызыгы бар сумка.

Эгерде жогорудагы жоголгон кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Байланыш тел.: (03748) 5-02-09, 0552 56 92 56, 0770 25 11 26

Булак: NazarNews.kg

 

 

Поделитесь с друзьями