Исламдашуу толеранттуулукту токтотот...
Коом  |   |  298

Биздин бийлик ат тезегин кургатпай ислам өлкөлөрүнө каттай баштады. Бир аптанын ичинде Бириккен Араб Эмираттыгына жана Сауд Аравиясына расмий визит менен барды. Бул дипломатияда өтө чоң белги катары сыпатталат. Ырас, азыр дүйнөлүк каржы каатчылыгы келе жатканда тикелей каражат жагынан көмөк көрсөтүүчү эки гана өлкө бар. Бул Кытай жана Араб мамлекеттери. Кытай мамлекетинен алган карыздар ички дүң продукциянын жарымына жетти. Башкача айтканда, биздин карыздын эң көп бөлүгү бул Кытайдын үлүшүндө. Россия тарап болсо карыз бермек тургай сыртын салууда. Ала жазда бере коебуз деген алты миллиард доллардын алты тыйыны жок. Нарын жогорку каскадына бөлүнгөн акчалардын дайыны табылбай, 130 миллион доллар кыргыз өкмөтүнүн мойнуна илгени турат. Натыйжада, акча издөө Араб өлкөлөрүнө саякаттатып жатат. Араб өлкөлөрү да акчаны жөн эле "ме" деп кармата койбогонун акыркы окуялар далилдеп турат.

Алар ириде ислам маданиятын жайылтуу маселесин кабыргасынан коюшат. Албетте, акча издеп барган биздин бийлик үчүн алардын сунушунан баш тартуу кыйын. Мындан эки жыл мурунку тарыхта азыркы бийлик башындагы президентти Алмазбек Атамбаев Россиянын бир ууч тобуна тааныштырып, алардын "ак батасын" алуу үчүн барганда, "Талапкериңер аябай динчил адам экен. Анан калса бир туугандары да динчил. Бир агасы Араб мамлекеттеринин биринде элчи экен" -деген өңдүү маселе коюлганы убагында эл арасында айтылган. Атамбаев ошол замат азыркы президенттин бир тууган агасын Украина мамлекетине элчи кылып, бирок диний кырдаалда толеранттуулугун сактайт деген кепилдик берип келген. Азыр Россияга кепилдик берген Атамбаев өзүнүнүн кара башына кепилдик таппай отурганын эске алсак, учурдагы исламдашуу саясаты орус бийлиги көрөгөчтүк кылгандан алда канча ылдамдыкта өнүгүп жаткандай. БАЭге барган биздин расмий бийлик келишимдердин бир бөлүгүндө Кыргызстанга Ислам академиясын ачууну макулдашып келди. Төрт ислам жогорку окуу жайы, жүздөгөн медресе, эки миңден ашык мечити бар Кыргызстанга эми ислам академиясынын зарылдыгы барбы деген табигый суроо туулбай койбойт. Маселени андан да терең карасак, ислам дүйнөсүндө өзү исламдын багыттары тууралуу көптөгөн талаш-тартыш пикир бар.

Айталы Түркия, Бангладеш, Пакистан, ошол эле Араб дүйнөсү ислам маданияты боюнча бир пикирде эмес. Жакын саналган Түркиянын өзүндө эле исламды ой келди калчаган бутактары бар. Ал эмес, мындай ача пикирлер араб дүйнөсүндө да кездешет. Ошондо биз исламдын кайсы масхабы боюнча академия ачканы жаткандыгыбыз, бирдиктүү ислам маданияты боюнча Кыргызстандагы мечит, медреселерди ыраатка келтирүү саясаты жүрөөрүнө шектенгендер азыр эле күчөдү. Эгерде биз ким акча берсе эле алардын саясатына ыктап башмалдак ура бере турган болсок, жакынкы жылдары Кыргызстан чыгаар тешиги жок туңгуюкка кептелет. Бийлик саясат жүргүзөөрдө ириде ички ресурстарды эске алып, анан гана андан аркы кадамдарды ишке ашырыш керек эле. Тилекке каршы, андай бирдиктүү саясат жогунан, анан калса исламдашкан позицияны тутунгандыктан азыр толеранттуу коомду кара чүмбөткө ороп, келечектеги жана азыркы стратегиялык мамлекеттердин жүзүн бурууга биз өзүбүз аракетти биринчи жасап жатабыз...

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: “Фабула”

Поделитесь с друзьями