Интернеттеги "спирт ичимдиктерин ичип" отурган студенттер окуудан чыгарылды
Дүйнө жүзүндө  |   |  1831

Маалыматка ылайык, 13-январда, интернетке спирт ичимдиктерин ичип отурган студенттердин видеосу желдей тараган. Алар  Германияга стажировкага кеткен казак студенттери болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Алар Казакстандын Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттиги академиясынын сегиз магистранты. Аталган окуу жайдын студенттери мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди жана моралдык-этикалык нормаларды сактабагандыгы үчүн окуудан чыгарылды.

Булак: NazarNews.kg

 

 
Поделитесь с друзьями