Ильяз Абдразаков, ырчы: “Ажырашып кеттиңби?” дешет”...
Маданият  |   |  11435

- Салам, Ильяз! Туулган күнүң менен! Өздүк майрамыңды кайда тостуң?

- Ырахмат! Кубанычтамын. Туулган күнүм абдан соонун өттү. Эн жакын санаалаш досторум, бир туугандарым, үй-бүлөм, өкүл ата, өкүл апамдар менен караоке клубдардын биринде белгиледик. Тан атканча ырдап, бийлеп жакшы чер жаздык.

- Байкасам мурдагыдан толуп, бир аз салмак кошуп калгандайсың...

- Туура бир аз толгонум чын. Азыр баштагыдай жаш жигит эмеспиз да. Убакыт өтүп, калыптанып, өсүп олтуруп, үй-бүлө күткөнү мына ушундай болуп калдым. Күндө күзгүгө каранганда дайыма өзүмө көз салып турам. Мурдагы арык кезимдеги сүрөттөрүмдү көрсөм жылмайып калам. Так секире бийлеген мезгилден өттүк го...

- Жеке жашооңдо эмне жаңылык? Уулду болгонуңду да уктук эле...

- Ооба, Кудайга шүгүр баары жакшы. Акыркы күндөрү көпчүлүк менин жеке жашоомо кызыгып калышты чыгармачылыгма эмес. Баары эле “Ажырашып кеттиңби?” дешет. Бирок, андай болгон жок. Ажырашуу тууралуу бизде маселе, ой да болбойт. Бактылуу күн кечирип жатам. Жубайым экинчи уулумду жарыкка алып келди. Үйдө бала тарбиялоо менен алек. Мен болсо иштеп жүрөм.  

- Мамлекет тараптан кандай колдоолоро ээ боло алдың?

- Өзүңүздөр жакшы эле билесиздер го маданиятка мамлекет анча жакшы көңүл бөлбөгөнүн. Менде деле ошондой... Мамлекет мага эч бир колдоо көрсөткөн эмес. “Ыр жаздырып ал. Концертиңди бекер кой” деген адам жок азыр. Болгону “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белгини алгам. Азыркы күндө да жок нерсени бардай көрүп, бар нерсени алдыга чыгарып, керектүү нерселерди өзүбүз таап эле эмгектенип келе жатам.

Эске сала кетек, Ильяз Абдразаковдун ырлары 27 тилден ашуун чет тилге которулуп, 27 мамлекеттин ырчылары, ырларын ырдап жүрөт. Ильяз Абдразаков, башка ырчылардан жөнөкөйлүгү жана эч кимге окшобогон сапаттары менен айрымаланган мыкты ырчылардын катарына кирет.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями