Гурбангулы Бердымухамедов Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады
Расмий кабарлар  |   |  176

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
 

«Келе жаткан жаңы, 2020-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге чың ден-соолук, түгөнгүс жашоо кубатын, бакыт жана баардык ишиңизге ийгиликтерди каалайм. Жаңы жыл Сиз үчүн жана боордош Кыргызстан эли үчүн тынчтыктын, бакубатчылыктын жана гүлдөп өнүгүүнүн жылы болсун», — деп айтылат Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосунда.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями