Гүлжигит Сатыбеков,: "Менде тосулбаган Жаңы жылдар тосулганына караганда көбүрөөк"
Маданият  |   |  174

31-декабрда сааттын жебеси 12ни какканда шампан ачып Жаңы жылды тосуу көбүбүздүн айныгыс салтыбыз. Бирок шартка жараша ар кандай кырдаалда тосуп калабыз. Ошондой кырдаалдарга туш келген белгилүүлөр бул күнүн жылмаюу менен эскеришет.

- Мен көп гастролдойт эмесминби, жылда эле Жаңы жылды үйдө отуруп тоспойм. Мисалы, 2011-жылы поезд менен Самара шаарына бараткан жолдо тоском. "Орустар жакшы тосушат, элдин баары майрамдаса биз жөн кетпейли" деп алдын ала даярданып алганбыз. Тескерисинче, алар тосушпайт экен. Баары жөн эле жатып, поезддеги кыргыздар эле тосконбуз. Бир карасаң айла жоктун иши, бир чети өзүбүзгө майрамдык маанай тартуулайлы деген ой болчу. Негизи, көбүнчө ар кайсы жерлерде тосуп, үйдө өткөргөн Жаңы жылым аз болот.

Айгерим Токтобай кызы

Булак: “Леди.kg”

Поделитесь с друзьями