Гонконгдо демонстранттар Санта Клаустун топусун, бугунун мүйүзү бар баш кийим кийип минтингге чыгышты
Дүйнө жүзүндө  |   |  412

Гонконгдо Рождествонун алдында миңдеген демонстранттар кайрадан көчөгө чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, митингчилердин бир бөлүгү соода борборлорун ээлеп алышса, айрымдары туристтер көп жүргөн райондорго топтолушту. Акцияга катышкандардын арасында Санта Клаустун топусун жана бугунун мүйүзүн элестеткен баш кийимдерди кийип алгандары болду.

Бир катар райондордо митингчилер менен полиция кагылыша кетти. Коопсуздук кызматкерлери демонстранттарга каршы желим ок жана көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. Бирок кадимки куралдан ок атылган жок.

Полиция Рождествого караган түнү митингчилер бир банктын кеңсесин талкалап, ага өрт коюп кеткенин билдирди. Кытайдын мамлекеттик телеканалы Гонконгдогу нааразылык бизнеске кедергисин тийгизгени, Рождество маалында көп дүкөндөрдө соода жакшы болбогону тууралуу маалымат таратты.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями