Футбол борборун куруу маселеси боюнча басма сөз жыйыны өтөт
Спорт  |   |  234

Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте Футбол борборун куруу маселесине байланыштуу бүгүн, 30-декабрда басма сөз жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу федерация социалдык тармактагы баракчалары аркылуу маалымат таратты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 31- декабрына чейин Эл аралык денгээлдеги  футбол борборун куруу үчүн  Бишкек шаарынын мэриясы жер бөлүп бербесе, грант башка өлкөгө берилип, Кыргызстан  чоң футбол борборунан кур-жалак калаарын айтышкан.
Ошого  карабастан, Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште 27-декабрда да каралбай калган. Ал эми депутаттар сессияны 2020-жылдын 14-январына жылдырылган. Ал эми Бишкек мэриясы билдирүү таратып, Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыяланганын, ушундан улам шаар мэри жер тилкелерин жана муниципалдык мүлктү өзүмбилемдик жолу менен берүүгө укугу жок экенин билдирген.

25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында баш калаада футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралып, анда Күкүрт кампасынын түштүк жагынан жер тилкесин берүү демилгеси көтөрүлгөн.
Калаа бийлиги Футбол борборун куруу үчүн үч жер тилкесин сунуш кылган. 25-декабрдагы жыйында Футбол федерациясы ал жерлер Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айткан.
Бир жылдан бери чечилбей келген жер  тилке, эми  чечилбесине көзү жеткен улуттук курама үн катып, 26-декабрда Кыргызстандын Футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев Бишкекте Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште чечилбесе, улуттук курама баш калаада ойноодон баш тарта турганын билдирген. Буга чейин Кыргызстандын футбол федерациясы футболдук борбор курууга Бишкек шаарынан 10 гектар жер бөлүп берүүнү суранган.

Эске салсак, Футбол федерациясы өткөн жылы футбол борборунун  3D-видео макетин өз сайтында жарыялаган эле. КРнын ФФсы сөз өкмөт айтып жаткан чоң стадион жөнүндө эмес, эл аралык футбол федерациясы  (FIFA) жана Азия футбол  конфедерациясы (AFC) тарабынан каржылана турган долбоор тууралуу болуп жаткандыгын айтышкан.  Бул долбоорго мамлекеттик бюджеттен  бир сом да керектелбейт.

Федерациянын басма сөз кызматынан  курулуш үчүн  8-10 гектар жер бөлүнсө идеалдуу болоорун айткан. Ошол учурда  Бишкек шаардык Кеңешине шаар сыртындагы бир канча аймактар сунуш кылынган. Аталган долбоорго жогорудагы уюмдар 3, 5 миллион доллар бөлүшөөрүн, бул каражатка  административдик борбор курулуп, ал өз ичине мейманкана, машыгуу жана гимнастика залдары, заманбап медициналык борбор, бир канча кичи талаа жана трибуналары менен чоң талаалар салынаары, борбордогу  “Алга” футбол клубунун өз аренасы болушу күтүлөөрү айтылган.

Акчалай каражатты футбол уюмдары бир канча этап менен бөлүп берет.  Футбол федерациясы борбордун курулушуна керектелүүчү жер тилкени 31-декабрга чейин тактап, макулдук бериши зарыл экендигин, антпесе грант башка өлкөгө берилип, Кыргызстан  чоң футбол борборунан кур-жалак калаарын айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями