ФОТО - Кыргызстанда 60 миң тургун тейлөөчү, борборлоштурулган оорукана салынууда
Ден-соолук  |   |  295

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров менен депутат Айбек Алтынбеков Базар-Коргон районундагы жумушчу иш сапарынын алкагында Могол айыл өкмөтүнүн аймагынын Ооган-Талаа айылында курула турган ооркананын пайдубалын түптөө иш-чарасына катышты. Иш-чарага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, коңшу айылдардын тургундары катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Милан Бакиров оорукананын 1956-жылы курулган мурдагы имараты 1990-жылы жараксыз деп табылганын, ошого карабастан ал дагы 20 жыл пайдаланылганын белгиледи. «Жогорку Кеңештин депутаттарынын биргелешкен аракети менен ушул жылдын капиталдык курулуштарынын тизмесине киргизилип, имараттын нолдук циклин курууга республикалык бюджеттен 6 млн сом бөлүнгөн, азыр анын 2 млн сому өздөштүрүлдү», - деди ал.

Мирлан Бакиров калктын ден-соолугун чыңдоо – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин, жалпы сметасы 113 сомду түзгөн эки кабаттуу имаратта терапевттик жана төрөт бөлүмдөрү, медициналык тез жардам, үй-бүлө медициналык борборлору жайгаша турганын айтты. «Ошондой эле оорулуулардын дарылануусу үчүн 60 орун каралган. Жалпысынан райондун тоо тарабындагы 4 айыл өкмөтүнүн 60 миң тургунун тейлейт», - деп кошумчалады депутат.

Ал эми депутат Айбек Алтынбеков бул ооркана жергиликтүү тургундар үчүн өтө маанилүү экенин, анткени райондун борборуна барып дарылануу үчүн 50-60 чакырым жол басууга туура келерин белгиледи. Ал Өкмөткө алдыңкы медициналык технологиялар менен жабдылчу заманбап оорукананын курулушун үзгүлтүккө учуратпай, өз маалында каржылап турууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями