ФОТО - Бишкекте унаа кафенин тосмосун барып сүздү
Кылмыш жана кырсык  |   |  251

Токтогул менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгынан эки адам жабыркады. Бул тууралуу ЖККББы маалымдады.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 09:50 чамасында Toyota Ist үлгүсүндөгү унаа Раззаков көчөсү менен түндүктү карай баратып Токтогула көчөсүндө батышты көздөй бара жаткан Toyota Prius үлгүсүндөгү унааны барып сүзгөн.

“Toyota Prius унаасын Toyota Ist унаасы сүзгөндө ошол жакта жайгашкан кафенин тосмолоруна барып урунган. Эки унаанын тең айдоочусу 21 жаштагы Ж.Д. менен 41 жаштагы М.О. ооруканаг жеткирилди. Унаалар айып унаа токтотуучу жайга коюлду”, -деп ведомстводон билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями