Эрей Тунсберг, канадалык вирусолог: “Коронавирус коркунучтуу оору эмес”
Дүйнө жүзүндө  |   |  3332

Канаданын La Presse Canadienne маалымат агенттиги, бүткүл дүйнөнүн үшүн алган коронавирусту коркунучтуу жугуштуу ооруу эмес деп билдирүү таратты. Канаданын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү, вирусолог Эрей Тунсберг билдирди.

“Мен коронавирус тууралуу өтө көп издендим. Менимче биз азыр талкуу кылып жаткан коронавирус өтө деле коркунучтуу эмес. Бул жерде кандайдыр бир саясый кызыкчылык жатат деп ойлоймун”, деген Эрей Тунсберг.

Ага кошумча аталган вирус аба аркылуу жукпайт, болгону аларда жыйылып калган паразит бактериялардын көбөйгөнүнөн келип чыгууда. Коронавирус “Эбола” сыяктуу эле коркунучтуу эмес, бул оорууга каршы вакцина көп мамлекеттерде бар. Андыктан Кытайда пайда болгон аталган вирус жаңылык эмес, буга чейин эле бар болчу, деп коомчулукка жарыя кылды.

Эске сала кетсек, акыркы маалыматтарга таянсак коронавирустан каза тапкандардын саны 1310гө жетти. Ооруну жуктургандардын саны  48,2 миңге чамалаган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями