Эмне себептен чарчаңкы абалда болобуз?
Ден-соолук  |   |  872

Канчалык заман оңолуп, адам түйшүктөн арылганы менен көпчүлүк чарчоо, ыкшоолук, алсыздык деген өнөкөт адаттарды таап алды. Канча уктап турса да эс ала албай турганын айтып даттангандар бар. Негизи медициналык мүнөздөмө боюнча бул белгилер депрессияга таандык.

Көңүл көтөрүп, позитивдүү маанай жаратыш үчүн табигый азыктардын курамынан дарычылыгы бар кеңештерди сунуш кылабыз.

***

Лимон, бал жана жаңгак. Бир стакан чагылган жаңгак, бир лимонду эт туурагычтан өткөрүп бир стакан бал кошуп текши аралаштырып бул дарыдан ар күнү бир аш кашыктан үч маал ичсеңиз шайдоот боло түшөсүз.

***

Азыр эми жүзүмдун маалы эмес, бирок тамактан мурда жүзүмдүн согун же компотун ичип турса да болот.

***

Бир стакан сүткө бир чай кашык аптекада саткан ромашканын гүлүн салып жай оттун табында 10 мүнөт кайнатып, тыныктырып, чыпкалап алып бад кошуп жатардан жарым саат мурда ичсе да жакшы.

***

Дайыма алсызданып чарчай бергендин себеби стресс болот. Жашоону бир аз өзгөртүүгө аракет кылып, убагында уктап, таза абада сейилдеп турсаңыз өзгөрөсүз. Күч кошуу, кубаттуу болуу үчүн нерв системасы тынч болуш керек эмеспи.

***

Бир стакан жуулган сулунун бир литр сууга салып жай оттун табында кисел болгончо бышырып, чыпкалап алып эки аш кашык бал кошуп жарым стакандан тамактан мурда ичилет.

***

Ит мурунду организмди чыңдоочу каражат катары да пайдаланууга болот. Психикалык жактан чарчаган, кара жумуш көп кылган адамдарга өзгөчө пайдалуу.

Булак: ШАМБАЛА

Поделитесь с друзьями