Эмне менен «ооруйсуз?»
Маданият  |   |  398

“Кыздын көзү кызылда” деген сөз бекеринен айтылып калбаса керек. Анткени аялзаты табиятыбыздан эле кооздукка, сулуулук тартуулоочу буюмдарга жакын келет эмеспизби. Жылдыздардын кыя өтө албаган буюму кайсы болду экен?

Дилшат Кангелдиева: — Мен бир жылдары жалаң кооз тагынчактарды коллекциялап жүрдүм. Алардын арасында алтын, күмүштөн тышкары жөнөкөй бижутерияларга чейин бар болчу. Кийинчерээк аларды чогултпай калдым. Анткени көп жоголуп, кээ бири сынып, үзүлүп, айтор, бул нерсеге кызыгуум жоголуп кетти. Азыр болсо мага жагып калган кийим болсо, сөзсүз алам. Көчөдө кетип баратып деле шарт дүкөнгө кирип башкасын алып кийип кете берем. Бир жолу студиядан ыр жаздырайын деп келип, кайра башка иштерим менен көчөгө чыгып кеткем. Басып баратсам кийген өтүгүм ным тартып жүдөткөнүнөн дүкөнгө кирип башка бут кийим сатып алдым. Анан студияга кайра келсем кесиптештерим «жаңы эле башка өтүк кийип жүрдүңүз эле го» деп таң калып жатышпайбы. Ушинтип дароо чечим чыгарган мүнөзүм бар.

Айгүл Чалова: — Сахна адамы болгон соң бардык жагынан төп келгидей болуп жүргөнгө аракет кылат экенсиң. Себеби сахнанын талабы ошондой. Мен деле бир кийим алсам ага ылайыктуу аксессуар, бут кийим тандап сатып алам. Ал эми аксессуарлардын ичинен мен көз айнекке басым жасайт экенмин. Күндөн коргоочу же болбосо жөн гана келбетке көрк берчү, стиль жаратчу көз айнектерди түрү менен алганды жактырам. Бирок менин келбетиме оңой менен бардык көз айнектер эле жараша бербейт. Абдан кылдат тандап туруп анан сатып алам.

Гүлнара Калдарова: — Мен сумка алгандан такыр тажабайм. Буга өтө кылдат мамиле кылам. Өтө чоң дагы, аябай тыпыйган дагы сумкалар эмес, менин табитиме орточо көлөмдөгү сумкалар туура келет. Эки сумка көңүлүмө төп келип калса, экөөнү тең сатып алгандан аянбайм. Ушинтип ала берип көбөйүп кеткендиктен, аларды жакындарыма белекке берип турам.

Нэна: — Мен мурун абдан шопоголик болчумун. Дүкөндөрдү кыдырып модалуу кийимдерди алганды жакшы көрчүмүн. Азыр бул адатым калды, эмнегедир. Бирок учурда мен оригиналдуу жасалган күмүш жасалгаларга абдан кызыга баштадым. Ошондуктан алтынга караганда күмүш жасалгаларым көп. Эгер жагып калса, сөзсүз буюртма берип жасатам.

Гүлзинат Суранчиева: — Туфли болобу, босоножка болобу, дегеле бут кийим алгандан тажабайм. Анткени ар бир образга жарашкан сөзсүз бирден бут кийим болушу керек. Ошентип сатып ала берип азыр үйдө бут кийимден көп нерсе жок. Баарын улам алмаштырып кийе берейин десем модадан чыгып калса экинчи кийгиң дагы келбей калат экен. Анан жөн эле ыргытылбасын деп сиңдилериме, келиндериме кайрылам киесиңерби деп. «Ооба, кием» дегендерине берип коём. Бир жолу туугандар менен жолугуп калып бир келинимдин бут кийимине көзүм түшүп «иий сонун экен» десем, «муну сиз бербедиңиз беле» дейт. Эмне эле көзүмө жылуу учурап жатат десе, көрсө, өзүмдүн туфлим экен да.

Залина Касымова: — Мен гастролдоп чет өлкөгө чыкканда сөзсүз ошол өлкөнүн символун чыгылдырган магнит ала келем. Бул мен үчүн салт болуп калды десем болот. Буга чейин канча чет мамлекетке чыкканым эсимде жок, бирок үйдөгү муздаткычтын бети магниттерге толуп калды. Акыркы жолу Пекинге барганымда Улуу Кытай сепилине экскурсияга чыкканбыз. Негизи, ал жайдын сыртында сувенир саткан көп эле дүкөндөр бар. Ал эми ичинде бирөө эле экен. Мен эмнегедир ырымдап ичинен алгым келди. Убакыт болуп калганына карабай атайын ичине кирип сувенир сатып алам деп автобусту күттүрүп койгом.

Асел Эсенбек кызы

Булак: Lady.kg

Поделитесь с друзьями