“Эметкен” ИИМ орун басары Памир Асанов депутаттардан тил укту
Адабият | 

Ичкиликтин айынан үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү. Ушундан улам ичкиликке чектөө киргизүү сунушталды. Мындай мыйзам долбоор бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында каралды.

Депутаттардын суроолоруна, мыйзамды демилгелеген Ички Иштер Министрлигинин орун басары Памир Асанов жооп берип жатты. Тагыраагы, ал, “эметип атабыз..., аялдардын үстүнөн эметкендер...”, - деп кекечтенип жатып, эл өкүлдөрүнүн кыжырын кайнатты.

Чынында парламентке келген өкмөт өкүлдөрү өз ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелерди толук билбегендигин көргөзүп келишет. Андыктан Памир Асанов учурда тартип сакчылардын, чыныгы оперлердин жүзүн жер каратты. Балким министрликте өз ишин мыкты билген башка кызматкерлер жооп бергенде башкача болот беле...

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями