Эксперимент:колду жуубай тамактануу кандай натыйжага алып келет?
Ден-соолук  |   |  413

Америкалык 38 жаштагы Дайана Робертсон аттуу мугалим колду жуубай  тамактануу кандай натыйжага алып келеээрин окуучуларга эксперимент  аркылуу көрсөттү.
Ал бул эксперимент аркылуу колду жуубаганда  же дезинфекциялоочу каражат колдонгондо жана самын менен жууганда кандай жыйынтык болорун окуучулар менен бирге текшерген. Мындай экспериментти алар нандын бир канча кесиндиси менен өткөрүшкөн. 

Робертсон класска беш кесим нан алып келип 17 окуучуга карматкан.
1-кесимди колун жуушпай кармашкан. 

2-кесимди колдорун санитайзер (дезинфекциялоочу каражат) менен тазалагандан кийин кармашкан. 
3-кесимди самын менен колдорун жууп кармашкан.

4-кесимди мугалим ноутбуктун сыртын сүртүп койгон. 

Акыркы кесим медициналык кол кап кийип кармашкан. 

Жогорудагы нандарды мугалим окуучулар менен биргеликте грипперге-пакетке салып оозун бекитип коюшкан. Бир айдан соң Робертсон нандардын абалын окуучуларга көрсөткөн. Жуулбаган кол менен кармалган нан бактериялык тактарга  толуп калган. Ноутбукка тийгизилген нан андан да жаман абалда болуп, нанды дээрлик бүт каптап калган. 

Ал эми колдорун самындап жылуу суу менен жууп кармаган нан таза боюнча турган. Санитайзер аркылуу тазаланган кол менен кармалган нанда бир аз бактерия болгон. 

Мындай эксперимент өткөрүүгө кыш мезгилиндеги жуулбаган колдор аркылуу пайда боло турган грипп жана инфекция ооруларын алдын-алуу үчүн жасалган.

“Балдар ушул экспериментти көргөндөн кийин колду жуубай тамактанган кандай жаман жыйынтыкка алып келээрин өз көздөрү менен көрүштү жана колдорун ар дайым жууш керектигин түшүнүштү”,-дейт Робертсон.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями