Эки Сергей Кыргызстанга эмнеге келди?
Расмий кабарлар  |   |  1618

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, андан кийин орус президентинин администрация башчысынын орун басары Сергей Кириенко Кыргызстанга келип кеткени боюнча күбүр-шыбыр кеп бар эле. Ал бүгүн ачыкка чыкты. Бирок, датасы боюнча маалымат жок. Жакынкы күндөрү келип кеткени айтылууда. Бу маалыматты "Азаттык" радиосу жазды. Аны президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов четке какпай, тастыктаган.

Буга чейин, 5-майда, Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин  телефондо сүйлөшүп, "ортодогу кызматташтыктын маанилүү маселелерин жана эки тараптуу өз ара аракеттердин келечегин" талкуулашканын жазган элек.

Булак: «NazarNews.kg»

Поделитесь с друзьями