Эгемендүүлүктүн кадырына качан жетебиз?
Саясат  |   |  466

Алар 1943-1944-жылдарда Кавказдан сүрүлүп келгендер болчу. Эми алар бириндеп Түркияга кетип жатышат. Тилекке каршы, дүйнөдө тарыхый ата мекени, болсо да өз мамлекеттигине ээ болбогон майда түгүл, чоң этностор да аз эмес. Маселен, дүйнө жүзүндөгү күрттөрдүн саны 40 миллионго жакын, жарыvы Иракта, бир бөлүгү Түркияда, Азиянын, Европанын башка өлкөлөрүндөгүлөрү да аз эмес.

Бул эл атам замандан бери көз карандысыздык үчүн күрөшүп, оор жоготууларга учураган менен, өз алдынча мамлекет курганга жетише албай келет. Уйгурлар 15 миллионго жакын, Кытайдагылары 11 миллион, бирок алардын да Уйгурстан мамлекетин куруу тилектери кылымдардан бери ишке ашпады. Индияда, Ооганстанда өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болгусу келген миллиондогон адамдарды түзгөн этностор бар, бирок алар да өз тилектерине жетише элек.

Кудайдын көзү кыргыздарга түз экен, бир нече ирет жок болуп кетүү коркунучунда калганыбыз менен өткөн кылымдын башталышында республикага айлансак, анын аягында өз тагдырыбызды өзүбүз чечип, табийгый байлыктарыбызды, реcурстарыбызды өзүбүз каалагандай пайдалана турган толук көз карандысыздыкка жетиштик. Бирок, тилекке каршы, анын кадырына жетпей жатабыз. Демократияны, адам укуктары дегенди жамынып алып, чындыгында мамлекетке зыян келтиргидей бузуп-жаруучулук иштерди жүргүзүп жатышкандар аз эмес.

Ага мисал катарында Батыштын буйрутмалары менен элди бийликке шыкактап, башкаруу органдарынын пайдубалдарын бышаңдап, салт санааларыбызга ылайык келбегендерди жараналап жатышкандарды көрсөтүүгө болот. Эл тили, маданияты, салт-санаалары, үрп адаттары менен бирдиктүү эл болот. Алардан ажыраса, биринин сөзүн экинчиси укпаган, бузуп-жарууну гана көздөгөн анархиялык топторго айланышат. Тилекке каршы, Өкмөт андай көрүнүштөрдү нейтралдаштырып, Кыргызстандагы бардык этносторду мамлекеттик тилдин, титулдук этностун маданиятынын негизинде бирдиктүү саясый улутка айландыра турган активдүү саясат жүргүзбөй жатат.

Бул жагынан биз эмне үчүн Россиянын өзүнөн, жок дегенде кошуна Өзбекстандан үлгү албайбыз. Өзбекстанда жашаган башка этностордун арасынан тиричиликтик деңгээлде болсо да өзбек тилин билбегендерди табуу кыйын, ал эми бизде жашаган 80 миң дунгандын арасынан кыргыз тилинде эркин сүйлөп, жаза билген 80 адамдын чыгарына ишенүү кыйын.

Ал эми орус тилдүү этностор жөнүндө айтпай эле коёлу. Биз келечек жөнүндө ойлобогондуктан, болжобогондуктан, ашкере либералдуулуктун кесепетинен, саясый эрктин жоктугунан, чынын айтканда, Вавилондук мамлекетти куруп жатабыз. Вавилондун тагдыры күтпөсүн десек, Кордойдогу окуялардан жыйынтык чыгаруу, качкындары кырдаал жөнгө салынар замат бирин да калтырбастан келген жактарына кайтарып берүү керек.

Булак: “Майдан.kg”

Поделитесь с друзьями