"Эчкиде эт жок", Болот Байкожоевде чач менен бет дагы жок?
Саясат  |   |  3256

Коомдук ишмер, Болот Байкожоев «Садыр Жапаров Бакиевдин доорунда рейдерлик жол менен банкымды тартып алган», деп жергиликтүү маалыматтардын биринде айткан.

Болот Байкожоев, журналисттин:

--Садыр Жапаров “Инвестбанкты” тартып алган деп айттыңыз...деген суроосуна төмөнкүчө жооп берген.

Ал: -“Аа, все. Бул жерде мындай да, Садыр Жапаровдун карындашы Райкүл менде иштечи. Мен, аны алгам да, анан 2001-жылы айдагам, жумуштан бошотком. Анан ал, жанараки Надыр менен “вайс-вай” болуп кетет. Райкүлдүн показаниесинде турат, “июн айында 2007-жылы августта мени Надыр чакырды” дейт. Эми ойлочу, 10-августта менин банкты тартып алган Жапаров июнда Надыр чыкырды деп айтып атат. Мына Жапаровдор баарын пландаштырган. Мен банкты алат дегенде Бакиевге кат жаздым мындайча айтканда “.өтүңдү кыскын” деп айткамын”, деп бир нече суроолорго жооп берген коомдук ишкер Болот Байкожоев.

Аты аталган коомдук ишкердин сүйлөгөн сөздөрүн бурмалабай бердик. Болот мырза, Калыгул атабыз, “тегиз жерден тегирмен чыгаар, тексиз жерден бий чыгаар” деген экен. Атанын уулу болсоңуз, “.ай-.айс, .өт”, деп ажылдабай, акырын кагазга ороп айтсаңыз деле болмок, бул жыйыныңызда сиз ычкырга чейин түшүп, деңгээлиңизди көрсөттүңүз. Бул сапар аткан чүкөңүз дагы “оңкосунан” түштү. Баса, жубайыңыздын жоолугун салып алсаңыз болот. Кыргызда, "жыгылганды теппейт" дечи эле, бирөөнүн төшөгүнө, бирөөнүн ычкырын чечип, "кыстырганыңыз" кандай? 

 Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями