Депутат Нурбек Тотонов эмнеге балык депутаттардын катарын толуктайт?
Саясат  |   |  551

Тээ илгери “депутат” деген “болуш” деп аталчу. Болуш болуп шайланган киши эл тагдырын чечкен, алдыны көрө билген, акылга дыйкан, калыс, элдин жүгүн көтөргөн, чыныгы атанын уулу болгон.

Болуш болуп шайланыш үчүн эмне деген гана электен өтүп, анан эл тагдырын чечкенге жол ачылган.

Ал эми азыр “башы иштеген үчүн ушунча байлыктын ээси болду” деген ойго алдырып, уурулук жана алдоо жол менен байыган кишилерди депутаттык сапка тизип, акыры минтип депутаттардын да кадыры кетип бүттү.

Айталы дегенибиз депутат Нурбек Тотоновдун артынан дагы жагымсыз сөз ээрчип, аттестатты сатып алган, үч дипломду дагы акчанын күчү мене алып, абдан сабатсыз деп басылма бетине жазып чыгышты. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, айтылган сөздөр чындыкка жакын экенин ушундай улам билсек болот. Эгер, Нурбек мырза билимдүү, илимдүү болсо, балык депутаттардын катарын толуктабай, тили такылдап, элдин талабын талашат эле го?

Анда жердештери дагы “биздин уул сүйлөп жатат” деп, көңүлдөрү өсөт эле. “Бизнесим аман болсо болду” деп, жогору жак эмнени айтса аларга кошулуп “хоп” дегенден башкага жарабаган депутаттын кимге жарыгы тийет. Ансыз деле элдин ишене турганы деле калбай калган кезде жаш туруп өткүрлүктү көргөзсө, дарегине жагымсыз сөздөр айтылбайт болучу. Нурбек мырза айтылган сөздүн туура жагын кабыл алып, сапары карып бара жаткан депутаттык иши аягына чыкканга чейин чоң иш жасайт деп ишенебиз.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями