Дастан Сарыгулов: "Президент "чимкирик" парламент менен мамлекетти туңгуюктан алып чыга албайт"
Саясат  |   |  799

- Дастан ава, өлкө президенти өткөн жылдын 25-декабрындагы маалымат жыйынында "Атамбаев өзүн да, мени да, мамлекетти да туңгуюкка алып келди" деп айтканын кандай кабыл алып, кантип түшүндүңүз?

- Бул ачуу чындыкты президент элге айтпай койсо деле болмок. Бирок, айтканы - президент акыйкат сүйлөп, чындыкты ыйык тутуп, өлкө абалын терең билип, эл тагдырына бушайман болгонун көрсөттү. Ошол эле учурда Атамбаев мамлекетти 6 жыл кантип башкарганына саясий баа берди.

- Юдахиндин сөздүгүндө туңгуюк деген сөздү "бездна", пропасть" деп түшүндүрүптүр. Мамлекетибиз чын эле "пропасттын" кырына келип, ага кулап кетчүдөй абалдабы?

- 24-февралдагы Коопсуздук кеңешинде 2018-2019-жылдардагы Коопсуздук кеңештин чечимдерин аткарбаганы үчүн отузга жакын чоң жетекчилерге чара көрүү тапшырмасын президент өзү берди. 3-5 жетекчинин иштегени начар болсо бир жен,б ирок отуз жетекчи Коопсуздук кеңештин төрагасы

- Президенттин тапшырмаларын аткарбаганы - алар президенттин саясатын колдобой "саботаж" кылып жатканы деп түшүндү көпчүлүк...

- Тергөө менен сот коррупциялык иштерин далилдеп, 12 жылга кесилген кылмышкерди соттор менен чырмалышкан прокурорлор эркиндикке чыгарып жибердиңер деп президент ачууланганын жалпы эл көрдү го...

- Эл көрүп ыраазы болду. Бирок, соттордун тартип комиссиясы ошол сотторго сөгүш жарыялап гана тим болду, "ишиңерди улантып, кылмышкерлерди бошото бергиле,алган "чай-пайыңарды" биз менен бөлүшө бергиле" дегенсип. А чындыгында тартип комиссия бул чечими менен "президент ачуулана берсин, биз каалагандай кыла беребиз" дебедиби. Бир сөз менен айтканда, тартип комиссиясы өз чечими менен "президент ким эле, ишти биз чечебиз" дегендей элге түс көрсөткөндөй болду...

Интернеттеги пикирлерди окусаңыз, коомчулук мындан да ачуу сөздөрдү жазып жатпайбы.

- Соттор мас абалында машина айдап, авария кылып жатса, баңгизат менен кармалганды эркиндикке чыгарып, Шадиевдин камакка алынган мүлкүн камактан чыгарып жатса ачуу сөздөр айтылат да...

- Ушул фактылар менен 6 жылдан бери жүрүп жаткан сот реформасына "турмуш өзү" калыс баасын берди десек болот. Бир жарым миллиард эли бар Кытайда мындай соттор атууга кетет, 6 миллион эли бар Кыргызстанда мындай соттор улам байып, ишин улантып, кызматтан көтөрүлө берет. Кытай ошол үчүн өркүндөп өсүп, Кыргыз мамлекети туңгуюкка келип турат.

- 8-февралда өткөн курултайда экс-башкы прокурор Байтемир Ибраев жаңы кабыл алангын 5 Кодекс тергөө менен сот тармагын башаламанга алып келди деп бекер айтпаган турбайбы?

"Чимкирик" парламент 5 Кодексти окубай, талкуулабай, бир күндө 5 окуудан өткөрүп кабыл алса анан кандай жыйынтык болмок эле?

— 5 Кодексти даярдагандарга 390 миллион сом (6 миллион доллар) акы төлөнсө анан кантип бир күндө Жогорку Кеңеште алар өтпөй калсын деген пикир жүйөөлүү болгондой болуп жатпайбы?

- Андай болушуда мүмкүн. Бирок, бул иш да Атамбаев калтырган мурас, өлкөнү туңгуюкка алып келген көп себептердин бири.

- Элдик курултайда сиз курултайдын атынан президентке кайрылалы деп сунуш кылдыңыз. Кайрылуунун кыска мазмуну эмнеде?

- Атамбаевдин кадрлары жана Атамбаев өзү баа берген "чимкирик" парламент менен президент мамлекетти туңгуюктан алып чыгып кете албасын 2018-2019-жылдар ачык көрсөтүп койду. 7-8- августта Кой-Ташта абал курчуп турганда саясий партиялардын айрым жетекчилери заматта Атамбаев тарапка өтүп кеткенин эске алсак, партиялар да өлкөнү туңгуюктан алып чыгып кете албасына элдин көзү жетип турат.

- Андай болсо президент кимге таянат?

- Элге. Эл ичинде жаштарга, мекенчил күчтөргө, ак элечек апаларга, ак жоолук энелерге. Акимдер тизме менен жиберген "дүжүр-бүжүрлөргө" эмес, эл шайлаган делегаттар менен бирге президент курултай өткөрүп.кантип элди туңгуюктан алып чыгабыз деп кеңешип, элге таянса абалды оңоп кете алат. Бөлөк жол жок.

- 24-фввралдагы Коопсуздук кеңеш тоо-кен тармагындагы абалды канааттандыраарлык эмес деп баалады. Эки жыл мурун эле президент "тоо-кен тармагы мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетиптир" деген. Андан бери чара керсе болот беле?

- Болот эле, бирок болгон жок да. Жалаң эле соттор менен чырмалышкан прокурорлор саботаж кылбай, тоо-кен тармагынын "каймагын калпып" жегендер да саботаж кылып жатат да.

- Эки жыл Бишкек ЖЭБ, Тарых музейи, Чолпон-Ата ипподрому жана башка коррупциялар убакытты алып койду го...

- Датка-Кемин, Дача-СУ, экинчи түндүк-түштүк жолу, Жерүй, Кумтөр жана башка иликтенчү иштер дагы эки жыл убакытты алып кетсе, президенттик мөөнөт бүтөөр абал өтө оор болоору шексиз. 8-февралда өткөн элдик курултай - эл көп нерсени түшүнүп, билип калганын көрсөттү. Эң өкүнүчтүүсү - эл эч кимге ишенбей бийлик дегенде эле кыжырланып калыптыр... Бир "дүжүр" чыкты, эл чуу салып, сүйлөтпөй койду. Саясий партиялар менен кошо "дүжүрлөрдүн" дооруда бүтүп баратат окшойт...

- Жакында Манас жаңырыгы" телеканалынан 800-700-600 жыл мурун жазылган тарых китептерден алынган сүрөттөрдү элге көрсөттүңүз. 13-14- 15-кылымдарда Иран, Афганистан, Орто Азия, Индия жана башка жерлерди башкарган падышалар ак калпак менен такта олтурганын эл көрдү. Ушул окуя тууралуу кыска айтсаңыз?

- Бул өзүнчө чоң сөз. Орто кылымдарда илхан падышалар доору кыргызга таандык болгон (Илхан - кыргыздын "эл каны" деген сөзүнен). 2011-жылы Москвадан чыккан "Азиатская Европа" деген китептин 1106-бетинде "Кыргызы - царская династия тюркских народов" деп жазылганга толук негиз бар.

- Бир жарым кылым уланган тарыхчылардын шумер тили кайсы элге таандык болгон деген талашына чекит коюлганын айтып чыктыңыз. Мунун кыргызга кандай тийешеси бар?

- 2017-жылы Нью-Йорк шаарында эки томдук китеп чыкты. Чопо жазууларынын арасынан бир сүйлөм толук сакталыптыр. Ал сүйлөмдө: "Бир аары он алты ок барабар" деп жазылыптыр. Аары - дегенди бүгүн бал челек дейбиз. 

Булак: Жаңы Ордо

Поделитесь с друзьями