Дастан Сарыгулов менен Ыргалай Бекмуратова УКМКнын үстүнөн Башкы прокурорго арыз жазып...
Саясат  |   |  3504

КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго, 2016-жылы 16-мартта жалган жалаа менен жоопко тартылган Дастан Сарыгулов жана “белгисиз аял” деп күнөөлөнгөн Ыргалай Бекмуратова доо арыз менен кайрылды.

Жазылган арызда, “менин кадырыма, абийриме, ден соолугума доо кетиргендиги үчүн, УКМКнын ошол мезгилдеги тергөөчүлөрүнө, жалган маалымат тараткан жергиликтүү айрым ММКларды сот жообуна тартып берүүңүздөрдү суранабыз”, - деп жазылган.

Эске сала кетсек, Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков 20 жылга Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жылга, эркинен ажыратылган. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген.

Буга чейин соттолгондордун бири Дастан Сарыгулов президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жолдоп, өздөрүнө тагылган айып боюнча көз карандысыз комиссия түзүүнү суранган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями