Чыныбай Турсунбеков, ЖКнын депутаты: “Бул парламент эл нааразы болгон бийлик бутагы болуп чыкты”
Маек | 

– Чыныбай Акунович, узап бараткан жыл сизге кандай жыл болду?

– «Жаңы жыл келди жаш балбан, кайраттанган шаттанган» деп бала кезде айтып жүрүп чоңойдук. Анткени, жаңы жыл баарыбыздын көз карашыбызда бизге бир жаңы үмүттөрдү алып келген жыл катары кабыл алынат. Ошон үчүн ар бир жылга ар ким өзүнүн максат-пландарын алдына коёт. Ошондой аруу максаттары, пландары ишке ашып, баарынын кыялдары орундалышын тилейм.

Ал эми узап бараткан 2019-жылды мен жаман-жакшысы аралаш жыл катары кабыл алдым. Жеке эле менин жашоомдо эмес, коомдук жашоону көрүп жатабыз, эмнелер болгонун. Ошон үчүн 2019-жылдын жаман нерселеринин баары калып, жакшы нерселер гана 2020-жылга өтсө экен. Жалпы эл дагы жаңы жылдан жакшы белектерди алышсын. Мунун мааниси: алдына койгон максаттарынын баары ишке ашсын. Ал максаттардын баары ак тилектер болсун! Коомду түйшөлтүп жаткан нерселерге бийлик бутактарынан: президенттен же парламенттен болобу, өкмөттөнбү, ар дайым адекваттуу, туура жоопторду алып, коом ошондон канааттанса экен (!) дейм. Коом качан канааттанат? “Эл тараза, эл калыс” дейбиз. Эл өз талаптарына жакшы жооп ала алганда гана коом ыраазы болот да. Мындай көрүнүш бүгүнкү күндө Кыргызстанда да болуп жатат. Ошол талаптардын баары оңунан чыксын.

– Активист Мелис Аспеков менен соттошуп жаттыңыз эле, иш кайсы стадияга жетти?

– Ачыгында, мен Аспековдун үстүнөн сотко эмес, күч органдарына арыз жазгам. Тагыраагы, УКМКга, кийин башкы прокуратурага. Азыр ал ИИМге түшүптүр. Мен билгенден, ишти шаардык бир тергөөчү карап жатат. Үч айдан ашып калды. Мени бир жолу чакырып сурашты. Мен тергөөчүдөн «Аспеков суралдыбы?» десем, «сизден кийин сурайбыз» деген. Азырынча жооп ала элекмин.

– 2020-жылы 6-чакырылыштагы парламент өз ишин жыйынтыктайт. Мурдагы чакырылышта да депутат болгонсуз. Мунусу мурункулардан кандай айырмаланды?

– Акыркы жүргүзүлгөн элдин пикири боюнча, бул парламент эл нааразы болгон бийлик бутагы болуп чыкты. Албетте, ага кандайдыр бир деңгээлде кошулууга аргасызбыз. Анткени, бул эл арасындагы сурамжылоонун жыйынтыгы. Ошондой болсо да, мен планканы жогорураак коюп, бул чакырылыш дагы колунан келген иштерди жүргүзүп жатканын, мыйзамдарды кабыл алып жатканын, ал мыйзамдардын ичинде көпчүлүгү элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталганын айтып коюшум керек. Албетте, канчалык сын-пикирлер көп болсо, «өнүгөм, сындардан чыйралып, жакшы жакка өзгөрөм» деген депутат болобу, бийлик бугагы болобу, ошого жараша кийинки кадамын таштайт. Сындардан жыйынтык чыгарган – бул эң жакшы сапат.

– Азыртан эле саясый партиялар шайлоого камылга көрө башташканы байкалууда. Сиз кайсы партиядан шайлоого аттанганы турасыз? 

– Мен бул боюнча азырынча акыркы чечимге келе элекмин. Саясый күчтөр, партиялар, лидерлер сунуштары менен чыгып жатышат. Айрымдарынын жетекчилери менен жолугуп, эл үчүн эмне кылып бере алышат, эң негизги багыттары кандай экени жана идеологиялары менен таанышып жаткан кезим. Жакынкы 2-3 айдын ичинде бир жыйынтыкка келем.

Булак: “Азия Ньюс”

Поделитесь с друзьями