Чылымга карата чыгарылган мыйзам дагы шылдыңга калбайбы?
Саясат  |   |  497

Түкүрүк мыйзамын чыгара коёбуз деп шылдыңга калып, эми гана ал меселе унутулуп бара жатканды, жараны чукугансып билермандар чылымга асылып калышканы көпчүлүктү нааразы кыла баштады.

Деги эле мындан башка чыгара турган мыйзам калбай калганбы?-деген суроо дагы туулушу мүмкүн.

Ооба, бир жагынан туура эле козголгон меселе, бирок, биздин элдин аң сезими жана жашоо турмушу бул чыгарылган мыйзамдарга жооп бере турган мезгилге жете элегин эске алганыбыз оң.

Болбосо эми чылымдын ашкере фанаттары пикетке чыгып өкмөттү жүдөтпөсө болду. Ансыз деле чылымдын баасы асманды чапчып, буктарын кимден чыгарышты билбей турган кезде, чылым маселесин токтотуп турган эле жөндүү белем. Айтайын дегенибиз, дагы бир балээ болуп кетпесе болду. Анткени жаз мезгили келе жатат. Жаз келди, бул мыйзам  пикеттин сезонуна туш келип калганы, башка нерселерге  шылтоо болуп калып жүрбөсүн -деген эле кеп.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями