Чүйдүн аймактык ооруканасынын жанынан аялдын жансыз денеси табылды
Кылмыш жана кырсык  |   |  1081

Чүйдүн аймактык ооруканасынын жанынан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ШИББнин аймактык басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сөөктү 5-январда Сокулук райондук ИИБнин кызматкерлери табышкан.

“Болжол менен 55-60 жашта. Ал аял европа улутунда. Денесинде зомбулуктун издери табылган эмес. Чачы агарган, арык. Кийген кийими боз кофта, боз пиджак, жашыл түстөгү куртка, кара спорттук шым жана кара угги”,-деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери аялды таанууга жардам сурайт. Сокулук районунун ИИБнин номери төмөндө:

(0313) 25-33-80, (0312) 60-75-67, (0558) 86-14-86, (0709) 35-35-29.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями