Борбор калаада тогуз жаштагы кызды унаа сүзүп кетти
Кылмыш жана кырсык  |   |  710

Бишкектин көчөлөрүнүн биринин кесилишинде окуучу кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Telegram-каналындагы "Бишкек сегодня" тайпасынын колдонуучулары Бишкектеги кичи райондордун биринде кичинекей кызды машина сүзүп кеткендигин жазышкан.

Жол кырсыгы катталгандыгын Кайгуул милиция кызматы тастыктап, окуя №9 кичи райондо болгондугун маалымдады.

"Болжол менен эртең мененки саат 8:15те Lexus LX 470 автоунаасынын айдоочусу №4/1 үйүнүн алдынан 2011-жылкы окуучуну сүзүп кеткен. Аны Тез жардам кызматы шаардык балдар клиникасы ооруканасына жеткирген", —деп милициядан кабарлашты.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями