Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты Опера жана балет театрында өтөт
Маданият  |   |  461

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнаты 24-декабрь күнү   Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Белгилей кетсек,  кинорежиссер 21-декабрда саат 20:30 чамасында каза болгон. Аны президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башкы дарыгери Гүлмира Баитова тастыктаган. Ал клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан болчу.

Эске салсак,  Болот Шамшиев — кино актёр, кинорежиссер, сценарист жана СССРдин эл артисти. Ал 1941-жылы 12-январда Бишкек шаарында (мурдагы Фрунзе) төрөлгөн. «Караш-караш окуясы», «Бөрү зындан», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Манасчы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмалары Болот Шамшиевге таандык.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями